Акыркы кабарлар
» Коом » №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси коронавирустан каза тапты
№3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси коронавирустан каза тапты
03-май, 04:13

2020-жылдын 2-майында республикалык инфекциялык ооруканасында коронавирустан 2 бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Бейтаптардын бири – медкызматкер, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси К.Д.А. 1962-ж.т., экинчи бейтап 1951-ж.т. Жалал-Абад облусунун тургуну.
Эки бейтапта теӊ эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуу жетишсиздиги катталган. Аларда дагы кошумча оорулары да бар болгон: жүрөк жетишсиздиги, кант диабети.