Бакыт Бакетаев: “Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетишинен кийин эки сценарий болушу мүмкүн”


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши саясый күн тартибиндеги башкы тема болуп калды. Көптөр муну дароо эле “кризис” деп атаган окуяны белгилүү саясат таануучу Бакыт Бакетаев ашыкча эмоциясыз кароого чакырат.
«Мен Кыргызстандагы төрт революция маалында чечим кабыл алынган негизги процесстердин ичинде болдум. Ошондуктан кырдаалды эмоция менен эмес, тажрыйбага таянып баалайм. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши олуттуу окуя, бирок башкарылуучу саясый процесстин чегинен чыкпайт. Системалуу бийликте кескин кадрдык чечимдер ар дайым стратегиялык логикага негизделет.
Биринчи сценарий – макулдашуу жана стабилдешүү (эң ыктымал)
Президент менен Камчыбек Ташиев көп жылдык тарыхы бар саясый өнөктөштөр. Алар бийликке карай татаал жолду чогуу басып өтүшкөн, элге жакпаган чечимдерди да чогуу кабыл алышкан, реформаларды да бирге жүргүзүшкөн. Акыркы беш жылда мамлекеттик система кайра түзүлүп, башкаруу вертикалы күчөтүлүп, ички туруктуулук камсыздалды.
Мындай тыгыз байланышта пикир келишпестиктер болушу табигый нерсе. Күн сайын жүздөгөн чечимдер кабыл алынат, кээде толук синхрондошпой, кээде тобокелдиктер ар башка бааланат. Бул кадимки иш процесси. Эгер кызматтан кетүү болсо, демек президент мурдагы тең салмактуулукту сактоо туруктуулукка коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептеген. Балким айрым тарапташтардын ашыкча саясый активдүүлүгү же келечектеги саясый жайгашууларга эрте позиция алуу жөнүндө сөз болгон.
Кыргызстанда мындай сигналдар тез эле тиешелүү органдарга жетет. Камчыбек Ташиев коопсуздук системасынын мүмкүнчүлүктөрүн жана конституциялык түзүлүшкө коркунуч катары бааланчу ар кандай кадамдын укуктук кесепеттерин жакшы түшүнөт. Ал эми президент мамлекеттик кызыкчылыкты жеке мамиледен жогору коюп, катуу чечимдерди кабыл алууга даяр экенин буга чейин көрсөттү. Ошондуктан эң рационалдуу божомол – макулдашуу, тыныгуу жана ролдорду ачык конфронтациясыз кайра бөлүштүрүү. Система туруктуу бойдон калат.
Экинчи сценарий – жашыруун атаандаштык жана башкарылуучу туруксуздук (азыраак ыктымал)
Бул азыраак ыктымал, бирок теориялык жактан мүмкүн болгон сценарий жашыруун саясый тирештин акырындык менен калыптанышы. Эгер Ташиевдин командасынын бир бөлүгү кадрдык чечимди кабыл албай, элита, аймактар, бизнес түзүмдөр же күч түзүмдөрү аркылуу өз алдынча саясый оюн баштаса, система ичинде чыңалуу жаралышы мүмкүн. Кыргызстанда саясый мобилизация, айрыкча ушак-айың фонунда, абдан тез жүрөт.
Бул сценарийдин негизги коркунучтары:
-- элитанын бөлүнүшү – шарттуу лагерлерге ажыроо айрым ведомстволордо башкаруу кыйынчылык алып келиши мүмкүн;
-- маалыматтык эскалация – компроматтар, маалымат таратуулар ички күрөштүн салттуу куралы болуп калат;
-- көчө фактору – Кыргызстанда саясый жаңжалдардын тез эле көчөгө чыгуу тарыхы бар, чектелген мобилизация да кар көчкү эффектин жаратышы мүмкүн;
-- тышкы кызыкчылык – ички туруксуздук дароо тышкы оюнчулардын көңүлүн бурат.
Бирок бул сценарийдин ыктымалдыгын азайткан жагдайлар да бар. Камчыбек Ташиев системалуу оюнчу жана кырдаалды курчутуунун кесепеттерин жакшы түшүнөт. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө мамлекеттин күч жана укуктук инструменттери мурдагы революциялык мезгилдерге салыштырмалуу кыйла катуу жана борборлоштурулган. Коом да тынымсыз силкинүүлөрдөн чарчап, радикалдуу бийлик алмашууга суроо-талап көрсөтпөйт.
Төрт революциядан алган негизги сабагым – Кыргызстанда кризис кадрдык чечимден эмес, процесстерди көзөмөлдөн чыгаруу менен башталат. Чечимдер система ичинде кабыл алынып, башкарылып турганда өлкө туруктуулугун сактайт. Президент “дос жакын болушу мүмкүн, бирок мамлекет андан жогору” деген принципти карманарын көрсөттү.
Андан аркы окуялар эки тараптын саясый жетилгендигине жараша болот. Эгер негизги артыкчылык туруктуулук бойдон калса, экинчи сценарий теория бойдон эле калат. Кыргызстанга азыр жаңы күрөш эмес, башталган реформаларды аяктоо керек», -- деп жыйынтыктады Бакыт Бакетаев.











