Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улан Примовду жыга турган талапкер чыгабы?

Улан Примовду жыга турган талапкер чыгабы?

06-октябрь, 20:01
515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Алай округунан депутат болуп келаткан Улан Примовго карата соңку убактарда сын-пикирлер арбый баштады. Парламентти таратууга демилгечилик кылганы, кайра шайлоого аттанууга белсенгени аңыз кепке айланды. Соцтармакта Улан Примовдун түштүк жергесиндеги көмүр кени талкууга алынып, элдин энчисин ээлеп алганы айтылып атса, жооп берип койбойбу? “Кара алтындын” аркасы менен байып, мартаба күтүп, карапайым калкка тапканынын күкүмүн гана себелеп койгону ыраспы? Албетте, бул боюнча атайын органдар иликтөө-тергөө кылышып, чын-бышыгына жетиши керек. Биз болгону коңгуроо гана какмакчыбыз. Айтмакчы, Улан Примов байбачадай мүнөз күтүп, өзүн элдин сүймөнчүгү катары эсептегени, 30-ноябрдагы шайлоодо оңой-олтоң гана жеңишке жетерине ишеним жараткандай. “Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” демекчи, алдыдагы бакытты, мансапты так кесе болжоо да кыйын. Алай тараптан элге алынган жаш талапкерлер чыгышса, эскилерди ээрден оодарышса, мындай көрүнүш деле мыйзам ченемдүүлүк катары сыпатталса керек. Аламан байге жакындай берсин, анан калганын ошондо анализ кылалы.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер