Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрнест Карыбеков: “Кышка карата көйгөйлөр баягы эле кейпинде, эч өзгөрүү жок”

Эрнест Карыбеков: “Кышка карата көйгөйлөр баягы эле кейпинде, эч өзгөрүү жок”

07-октябрь, 19:30
570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кылычын сууруп кыш жакындап келатат. Жай бою көйгөйлөр каралып, маселелер чечилдиби? Бул жылкы кышка даярдыгыбыз кандай?

-- 1-октябрдан 1-апрелге чейин алты айлык күз-кыш мезгили келди. “Кыргызстандын эле көмүрүн жагабыз” деп чечим чыгарып алышып, графиктен  кеч келе жатышат. Учурда керектүү көлөм жок. 1,5 млн. тоннадай ташып алып келишмек. Аны жети ай ташыса, 30 тонналык жүк ташуучу машине ар бир алты мүнөт сайын Кара-Кечеден чыгып турушу керек. Алты мүнөт сайын машине жолго чыгып турса, автожол поюзу жаралып калмак. Эгерде бир жыл ташыса, анда ар бир 10-11 мүнөт сайын 30 тонналык жүк ташуучу машине жолго чыгып туруусу керек. Ошончо эле машине кайра барышы шарт. Андай көрүнүш жок. Эң башынан эле бул көлөмдү ташып жетишпестери белгилүү болчу. Макул, министр, өкмөт жаңылды, бирок ошол министрликте ар кандай эсеп-кысап чыгарган кызматтар бар да. Эми “Казакстандан ташып келебиз” деп жатышат. 400-500 миң тоннадай ташылып келери айтылууда. Бирок али келишим түзүлө элек. Азыр суук башталды. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү болсо төмөн. Күз-кыш мезгилине 15-16 млрд. куб суу менен киришибиз керек эле. Учурда 13,6 млрд. куб деп айтылууда. Бул өтө төмөн көрсөткүч.

-- Бул кыш деле көйгөйү көп, кооптуу экен да?.. 

-- Кошуна мамлекеттер менен сүйлөшүп, электр энергия алышыбыз зарыл. Мунун жалпы экономикабызга терс таасири чоң. Канчалык көп импорттосок, ошончолук көп чыгашага алып келет. Мындан да кооптуусу – кыш суук болсо кошуна мамлекеттер да электр энергия бере албай калышат. Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кытай өлкөлөрү менен бул боюнча байланышыбыз бар. Бирок Орто Азиядан бизге Өзбекстан менен Казакстан гана бере алат. Ал эми кыш аябай суугуна айланса, алардыкы өздөрүнө да жетпейт. Мындай абалга дуушар болсок, энергетиктер жарыкты өчүрүүгө барышат. Ошого аргасыз болушат. Демек, кыштагы көйгөйлөр мурунку эле кейпинде. Баягы эле бир рецебибиз бар: кышкыга көмүрдү көбүрөөк камдаш керек. Үнөмдөйлү.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер