“Билим берүүдөгү кылмыштуу системаны тез арада токтотуу абзел!”
-- Эмне үчүн "Алтын сертификат", "Алтын тамга" алган бүтүрүүчүлөрдү, о.э. эл аралык олимпиадалардан алдыңкы орундарды багындырган окуучуларды жогорку деңгээлде сыйлай албайбыз? Мамлекет тарабынан стимул берилип, кандайдыр бир шартта шыктандырышса болот беле?
Каныбек Осмоналиев, профессор:
-- Анткени, бизде, Кыргызстанда билим берүү жана илим системасы туташ коррупцияга чалдыккан. Билим берүүнүн негизги субъекттери болушкан мугалим менен окуучунун тагдырын ойлогон адам жок. Ата-эне балдарын мектептерге түртө салып, өздөрүн оолак кармап көнүп алышкан. Ал эми мектеп администрациясы болсо таалим-тарбия жана сапаттуу билим деген түшүнүктөрдү "кожо көрсүнгө" салып эле кол учу менен иштеп жүрүшөт. Анан калса, орто мектептердин кожоюндары болуп, жергиликтүү коррупциялашкан бийлик менен түрдүү рангдагы депутаттар эсептелишет. Мектептердин кадр маселелерин дагы ошолор чечишет. Мен сиз атаган "алтын сертификат, аттестаттарга" деле ишеничим жок. Бизде баары сатылат. Ал эми эл аралык олимпиадаларга келсек, аны деле "өздүк огородго" айлантып алышкан "ишмерлер" бар. Эң башкысы, атайылап бөлүп алынган окуучуларды даярдоо керек. Ооба, табиятынан талантка ээ балдарыбыз бар. Ошолордун көрсөткүчтөрүнө маашыр болуп, жалган пиарлар менен алпурушуп жүрүшөт! Жогору жакка кубанычтуу отчеттор кетсе болду. Андан кийинкисин "ит көрсүн" кылышат. Бул акмакчылык жана кылмыштуу системаны тез арада токтотуу абзел! Азыр президент мектепке катуу көңүл бурууда. Анын инфраструктурасына мурда болуп көрбөгөндөй камкордук көрүлө баштады. Бирок, билим берүү системасынын "көзүрлөрү" дагы эле псевдодолбоорлор менен алек го... Чыныгы системалык реформалар али алдыда. Аны элин, жерин чексиз сүйгөн, билим берүү системасы элибиздин бирден-бир бактылуу келечекке бара турган жолу экендигин туура түшүнгөн, таза жана кесипкөй инсандар гана иш жүзүнө ашырышат!
Эсенгул Исаков, коомдук ишмер:
-- Мамлекеттин саясатын, идеологиясын жаштарга бала бакчадан баштап сиңириш керек да. Санариптештирүү күчөп, балдар соткадан башы чыкпай калган доордо да нарктуу адамдарды өстүрүүнү колго алышыбыз шарт. Кыргызстан пенсионерлер союзу жаштарга нарктуулукту сиңирели, шыктандыралы, балдардын жүрөгүн ойготолу (!) деген аракетте иш кылып жатабыз.
Спортсмендер байгелүү орундарды алса, сүйүнүп, “желекти желбиретти” деп кубанып, квартира, автоунаадан бери берип, сыймыктанып жатабыз. Жакшы тилек менен олимпиадага узатып, кайра кызыл килем төшөп тосуп алып жатканыбыз дагы спортчуларга укмуштуудай стимул болот. Мамлекет колдоого алгандан бери Кыргызстанда спортсмендер көбөйүп, элди кубандырган чемпиондор пайда болду. Кудай кут кылсын дейли!
Бирок, ошол эле мезгилде эл аралык олимпиадаларга катышып, билимдүү балдарыбыз алдыңкы орундарды алып келип, студенттерибиз ноу-хау катышып, дүйнөдөгү алдыңкы технологиялардан кабардар экенин далилдеп жатышат. Мамлекет эл аралык олимпиададан жеңип келген улан-кыздарыбызга да шыктандыра турган сыйлыктарды берсе, билимдүүлөргө да маани берсе, бат эле өнүгүп кетет элек.
Биз келечек муундун партага отургандан баштап, жакшы инсан болушуна азыртан кам көрүшүбүз керек. Ошондо мамлекетин эч нерсеге алмаштырбаган, элине, жерине болгон сүйүүсү күчтүү муунду тарбиялайбыз. Себеби, “биздин бийлик мени карап, мага көңүл буруп жатат” деп мамлекеттин камкордугун сезет. “Алдыга умтулганга стимул берип жатат” деп шыктанат. Кыргызстандын идеологиясы бир эле багытта эмес, баардык тармакта болсо, тез эле өнүгүп кетебиз. Стимулдаштыруу, жеңүүчүлөрдү колдоо, аларды даңазалап көтөрүүнү колго алып, материалдык жактан да колдоо көрсөтсөк, ошондо нак “илбирс секирик” жасайбыз.
"Азия Ньюс" гезити