Бакиевдерди актоого ашыккандар ажого каршы саясат жүргүзүп жатышабы?

Негизи Садыр Жапаров өзү Курманбек Бакиевди жана анын үй-бүлөсүн актоодон алыс экенин айтып, Кыргызстанга келишсе камалышарын билдирип келет. Ооба, алардын үйүр-тобу менен соттолушканы элдин баарына маалым. Ажо да ошондон улам Бакиевдердин мыйзамга жараша жоопкерчилик тартышарын дайыма айтууда. Бирок болбой эле бийликтеги айрым билермандар, пиарщиктер эскини эңсешип, жыландын башын кылтыйтышып, шек жаратышууда. Курманбек, Жаныш, Максим ж.б. “куйруктарынан” бери ардактоо үчүн жанталашып жатышканы кандай? Соцтармактарда алар жөнүндө мактап жазгандар арбыды. Атайын кампания башталдыбы? Уюштуруу иштерин кимдер колго алышкан? Ошондо Садыр Жапаровду көзгө илбей калышканбы? Айтор, кызык суроолор көп. Ажо бир канча ирет түшүндүрүп берди, Бакиевдердин орду түрмөдө экенин эскертип! Тилекке каршы, тескери саясат кетип атканы жашыруун эмес. Оюн эмеспи? Жыйынтыгында, байкоого алып, “ичтеги курттардын” жүздөрүн ачыктоого убакыт келди окшойт...
"Азия Ньюс" гезити