Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ундун баасы жогорулады, нан да кымбаттайбы?

Ундун баасы жогорулады, нан да кымбаттайбы?

28-октябрь, 11:25
715 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда акыркы эки жумадан бери ундун баасы көтөрүлгөнүн  сатуучулар жана сатып алуучулар айтып келишет.

Ошондон улам, 25-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева ундун баасы кымбаттаганын, анын бир килограммы 50 сомго чыкканын айтып, өкмөттү көзөмөлдөөнү сунуштаган эле.

Ал эми бүгүн, Өкмөттүн басма сөз кызматынын тараткан маалыматын таянсак, былтыр 2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн.

Быйыл октябрь айында республика боюнча ушундай эле сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сом. Бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун баасы 18,4% жогорулаганын кабарлады.

Бирок, дүңүнөн, чекене баада сатылып жаткан базарларда 1-сорттогу ун 30 сомдон кем эмес. 

Нан жасаган наавайчылардын айтымында, ундан жасалган азыктар кымбаттайт деген божомолдор бар. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер