Акыркы кабарлар
» Коом » Нуржигит “шыпаакана” маселесин көтөрүп, арабдаштырууга азгырылгандай...
Нуржигит “шыпаакана” маселесин көтөрүп, арабдаштырууга азгырылгандай...
20-январь, 11:38
1 152 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кечээ паламентте Нуржигит Кадырбеков оорукананы “шыпаакана” деп өзгөртүүнү сунуштады. Атаңгөрү, сөз эмес бекен! “Шифаа” деген сөз же “Аллах шифаасын берсин” дегендин артында араб жыттанган жокпу? Бу жигиттин эки сөзүнүн бири эле араб болуп калганбы? “Шифаакана” деп коюп, а жерге чала молдолор үчүн атайын дем салгыч бөлүмдөрдү ачтырып, “даарат менен келгиле, беш маал намазы жоктор кабыл алынбайт. Хиджапчан эместерге жол жок” дегендей светтик мамлекетке доо кетирген жоболорду акырындап киргизе баштаса кантебиз? Ушу жигиттики өттү, капкаяктагы эле бирдемелерди ойлоп таба коёт...
"Азия Ньюс" гезити