Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ашыкча салмактан арылгандарга акча төлөнөт

Ашыкча салмактан арылгандарга акча төлөнөт

21-декабрь, 18:23
1 072 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Фергана облусунун башчысы Хайрулла Бозоров жергиликтүү кеңештин 20-декабрдагы жыйынында аймактагы тургундардын салмагын азайтуу боюнча эксперимент сунуштады. Бул тууралуу өзбек басылмалары кабарлашты.

Облус башчысы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна шилтеме кылып, дүйнөдөгү оорулардын 50-55%ы туура эмес жашоо образынан, ашыкча салмактан, аз кыймылдоодон жана туура эмес тамактануудан улам пайда болорун билдирди.

«Өзбекстанда бул көрсөткүч 80%ды түзөт болуш керек. Туура эмес жашоо образынан улам оорулар көбөйүп жатат. Биз кант диабети менен ооругандарга анализ жүргүзүп көрдүк. 32 миң кишинин ичинен 2 миңинде гана диабеттин тубаса формасы болгон. 30 миң адам туура эмес тамактануудан, стресстен, аз кыймылдоодон жана семирүүдөн улам кант диабетине чалдыккан» деди Бозоров.

Ал облустагы ашыкча салмагы бар тургундар бир жылдын ичинде 5 килограммдан ашык арыктаса, аларга акчалай сыйлык бериле турганын билдирди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер