Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Баалар күн санап өсүп, жумушсуздук күчөп, эртеңкиден элдин үмүтү өчүүдө”

“Баалар күн санап өсүп, жумушсуздук күчөп, эртеңкиден элдин үмүтү өчүүдө”

13-декабрь, 23:04
1 561 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соңку 11 айда ички дүң продукция 9 пайызга өскөнүн Акылбек Жапаров каңкуулады. Мындай “өнүгүүлөр” кымбатчылыкты жоюуга таасир этпесе, чыныгы реалдуулукка токтолсок кандай?..


Кубатбек БАЙБОЛОВ, экс-министр:

-- Күнү бүгүнкүгө чейин саясый жетекчилик бир ирет да коомчулукка кеңири финансы-экономикалык, социалдык, саясый анализ камтыган кайрылуу менен чыга элек. Демократияга, нарк экономикасына карама-каршы келген айрым көрүнүштөр күндөн-күнгө күч алууда. Маселен, нарк экономикасынын өзөгүн түзгөн менчиктин кол тийбестиги көз көрүнөө талкаланууда. Авторитардык башкаруу ыкмалары күч алып, адам укуктары бузулуп, сөз эркиндигине чоң залал келтирилүүдө. Ошол себептүү, коомчулукта кандай мамлекет, кандай экономика куруп жаткандыгыбыз тууралуу суроолор пайда болду. Каш кайрыгандардын баарын камоо, кыйноо деңгээлине жетип, большевизмдин илеби күчөдү. Бул көрүнүш экономикага, биринчи кезекте инвестициялык акыбалга терс таасирин тийгизбей койбойт.

Ал эми экономикалык өнүгүүнүн темпин аныктоо үчүн, албетте, бир топ изилдөөлөр керек. Себеби, 9 пайыздык көрсөткүч номиналдуу. Маселен, акыркы эки жылдагы коңшу өлкөгө кетип жаткан реэкспорттун өлчөмү өтө чоң, бирок реалдуу экономикага таасири жок. Же болбосо алып-сатуудагы акчанын көлөмүнүн кескин өсүшү да номиналдуу өнүгүүнү көрсөткөнү менен инфляциядан башка пайдасы аз. Ал тууралуу кеңири маалымат жок. Эмнеси болсо да, жогорку темп менен өнүгүп жатсак, элдин жашоо деңгээлинде жакшы жышаандар көрүлүшү керек эле. Тескерисинче, баалар күн санап өсүп, жумушсуздук күчөп, элдин эртеңкиден үмүтү өчүүдө.


Эмир САРПАШОВ, ишкер: 

-- Ички дүң продукциясынын өсүшү 9 пайыз болгону өлкөбүздүн экономикасы үчүн өтө жакшы. Мен ойлойм, бул жерде инфляциянын өсүп кетишин дагы эске алыш керек. Аны өлкөбүздүн ар бир жараны жакшы эле сезип жатат. Муну эсепке алсак, ички дүң продукциянын көрсөткүчү башкача болмок. Менин оюмча, 4 пайызга жетпейт. Азыркы учурда ИДП көп салым кошкон курулуш иштери болуп жатат.


Жолдош ОРОЗОВ, серепчи:

-- Албетте, экономиканын алдыга жылышы менен мамлекеттин өсүү тенденциясы аныкталат. Азыркы шартта Кыргызстан кандай жол менен дүң продукциянын 9%га өсүү деңгээлин тактады, кандай алгоритмдик ченемдерге негиздешкенин, так, даана көрсөткүчтөрүн тастыктоосу керек, андай маалыматты уга элекпиз. Буга окшогон билдирүүлөр кагаз бетинде берилип келген жана бериле берет. Эгер дүң продукция 9%га өскөн болсо, элдин социалдык абалы жакшырдыбы?... Бул көйгөйлүү суроо. Өсүш жаралганы менен күйүүчү майлардын, газдын жана эл керектеп жаткан товарлардын баасы асман чапчып калбадыбы! Ал эми жеп-ичип жаткан азык-түлүктүн көтөрүлгөнү, мисалы, беш миң сом менен базарга кирип, жыргаткан азык-түлүк ала албайсың. Эми 1-январдан баштап салыктын түрлөрү да жогорулашы мүмкүн. Ошондой эле ар бир автоунаага, жашаган турак жайыңа төлөмдөр көбөйөт, ошону менен бирге таңуулоо иретинде камсыздоону киргизип жатышат. Мындайды өнүгүү дебейт! Өсүш болгон жерде ар бир жарандын, өзгөчө жетишсиз жашаган социалдык катмардын мамлекет чегерген маяналары жана пенсиясы керектөө куржунуна дал келүүсү шарт. Тилекке каршы, бизде дал келмек турсун, товарлардын баасы алда канча өйдөлөп, көйгөй жаратууда. Ооба, социалдык объектилер, мектеп, бала бакча, айылдык ФАПтар, Бишкек, Ош шаарларында автобустар жаңыланып, ж.б.у.с көзгө көрүнгөн жакшы нерселер жасалууда. Пенсия, айлык акыларды көтөргөнү менен эл керектеп жаткан буюмдардын, азык-түлүктүн баасы акылга сыйбагандай көтөрүлүүдө жана көтөрүлө берет. Баанын өсүшүнө мамлекет тарабынан көзөмөл жүргүзүү аксап калды. Мамлекеттик антимонополияга каршы агенттигинин баалардын көтөрүлүшүнө тийгизген таасири барбы? Албетте, жок. Демек, ушундай ашка жүк, башка жүк агенттик керекпи? Элдин көйгөйүн чечпей, тескерисинче, элге, мамлекетке зыян келтиргендей таасир калтырууда. Арийне, баардык нерсени мамлекетти башкарып жаткан бийликке жүктөп, аларды күнөөлөгөн туура эмес. Элдин сабаты, илим-билими, илгерилөө тутуму калыбына келсе, реалдуу өсүп-өнүгүүгө багытталсак, кандайдыр бир өзгөрүүлөр күтүлөт. Бир сөз менен айтканда, “кемигинде да, керкисинде да бар” заманда жашап жатабыз. Баалар асман чапчып турса, дүң продукциянын 9% өскөнү натыйжа бере алабы? Менимче, бул жоопсуз, жооп болсо элге далилдеп беришсин.


Искендер ШАРШЕЕВ, эксперт:

-- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 8,4%га өсүп, 951,8 миллиард сомду түзгөн. Бул өсүш негизинен товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү тармактарындагы жигердүүлүктүн жогорулашы менен байланыштуу. Ошол эле учурда инфляциянын деңгээли төмөндөп, 2024-жылдын январь-октябрь айларында керектөө бааларынын индекси 4,8%ды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 11,7%га салыштырмалуу кыйла аз. Мындай инфляциянын басаңдашы Улуттук банктын акча-кредит саясатынын натыйжасында жана дүйнөлүк товардык рыноктордогу туруктуулукка байланыштуу. Экономикалык өсүшкө карабастан, калктын жашоо деңгээлине түздөн-түз таасир этүүчү факторлор бар. Мисалы, 2024-жылдын январь-сентябрь айларында жашоо минимумунун баасы 7,890 сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,7%га өскөн. Бул көрсөткүчтөр калктын айрым катмарлары үчүн жашоо шарттарынын жакшыруусу анча байкалбаганын көрсөтөт. Ошондой эле 2024-жылдын январь-сентябрь айларында экспорттун көлөмү 2,8 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,2%га өскөн. Бул тышкы соодадагы оң өзгөрүүлөрдү көрсөтсө да, ички рыноктогу баалардын туруктуулугу жана калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү дагы деле маанилүү маселе бойдон калууда. Жыйынтыктап айтканда, ИДПнын өсүшү жана инфляциянын төмөндөшү макроэкономикалык деңгээлде оң көрсөткүчтөр болуп саналат, бирок бул өсүштөрдүн калктын жашоо деңгээлине жана кымбатчылыктын азайышына түздөн-түз таасири чектелүү болушу мүмкүн. Ошондуктан, экономикалык саясатта калктын социалдык абалын жакшыртууга багытталган чараларды күчөтүү зарыл. Бизге кандайдыр бир инфляциядан арылтуучу зор экономикалык жандандыруу керек. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер