Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камила Талиева, ЖК депутаты: “Алты айда эле төрөттөн тогуз эне көз жумду”

Камила Талиева, ЖК депутаты: “Алты айда эле төрөттөн тогуз эне көз жумду”

29-июнь, 11:29
458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Камила Абдыразаковна, комитеттин жыйынында сиз “төрөтканаларды бүт текшериш керек” деген сунуш айттыңыз. Мындай маселени көтөрүүгө эмне негиз болду?

-- Мен энелердин өлүмү боюнча 2023-жыл менен 24-жылды салыштырып көрдүм да. 2024-жылы 23-жылга салыштырмалуу энелердин өлүмү дагы өсүптүр. Быйыл болсо алты айдын жыйынтыгы боюнча эле тогуз эне көз жумуп атат. Бул тогуз үй-бүлөдө чоң трагедия болду дегендик да. Балдар жетим калып атпайбы. Мен ошону айттым. Бизге эл тарабынан наарызычылык кайрылуулар көп түшөт. “Төрөгөнү барсак тыйын сурашат. Тыйын берсең карайт, бербесең өгөй баладай мамиле кылышат” дешет. Баардык төрөтканаларда окшош көйгөй. Мындай көрүнүш буга чейин деле болуп келген. Бирок азыр күчөгөнү байкалууда. Кимден сурасаң ушу көйгөйдү айтат. Азыр дээрлик бардык тармактар катуу текшерилүүдө. Мэрлерди жөн жеринен жыйындан колуна кишен салып алып кетип аткан жок да. Токмок шаарына берилген 1 миллиард сомдун изи жок деп атат. Ошон үчүн мен төрөтканаларды да бир текшерип, тартипке келтирүүнү айттым. Министрге да элден келген каттарды дайыма жеберем. Ал киши да “туура, бул маселе бар” деп макул болуп, мойнуна алууда.

-Сиздин оюңузча, төрөтканаларды текшерчү комиссиянын курамы кимдерден турушу керек? Же саламаттык сактоо министрлиги өзү эле текшергени жетиштүү болобу?

-Жок, жок! Анда карга карганын көзүн чокубайт болуп калат го. Ошон үчүн мен УКМК төрагасына чейин кайрылдым, “бир текшерип берсеңиз” деп. Ал киши өзү көзөмөлгө алганы дурус бул маселени.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер