Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карыпбек Алымкулов: “Энергетика тармагы кыйроо алдында турган жок”

Карыпбек Алымкулов: “Энергетика тармагы кыйроо алдында турган жок”

12-июнь, 13:39
986 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Токтогул ГЭСиндеги жабдуулардын эскилиги жеткендиги, суунун аз көлөмдө келишинен улам энергетикалык кризис жаралышы мүмкүндүгү айтылды. Бул тууралуу улуттук “Энергохолдинг” ишканасынын башчысы Бакыт Сыдыков маалымдады. 

-- Чын эле энергетика кыйроо абалында турабы? 

-- Биринчиден, “кризис болуп эле Токтогул ГЭСи эртең токтоп калат” дегендин өзү тарифке байланышкан нерсе го? Ушундай ыкмада элдин үрөйүн кичине учуруп коюу максаты бар окшойт. Азыр Токтогулда 10,5 миллиард куб/метр суу бар. Августтун ортосуна чейин суунун кирген учуру болот. Анда суу 15 миллиардга чейин жетип калышы мүмкүн. Өздөрү жайлата өзбек менен казактарга агызып жибербесе эле, суунун жетишсиздиги болбошу керек. Экинчиден, жабдуулардын эскирип кеткенин айтышты. Андай эмес. Анткени жабдуулардын баары күндүр-түндүр, кыштыр-жайдыр тынбай иштей бербейт. 

-- Эгер берилген маалыматтар чын болсо, анда буга чейин энергетика тармагында таптакыр жаңылануу, оңдоп-түзөө иштери болгон эмеспи?

-- Негизи электр линияларынын алмашылганына 4-5 эле жыл болду. Башкалары да өз нугунда иштеп атат. Жалпысынан электр жабдуулары бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан жакшы эле каралып турат


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер