Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канышай Жумалиева: “Урматтуу Садыр Нургожоевич, оор күндөрдү тез эле унутуп калдыңызбы?”

Канышай Жумалиева: “Урматтуу Садыр Нургожоевич, оор күндөрдү тез эле унутуп калдыңызбы?”

24-июль, 10:39
2 616 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Оппозициялык маанайдагы “TURAN” саясый партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун жубайы Канышай Жумалиева айым менен чакан маек курдук.  

-- Сиз Жеңиш Молдокматовдун жубайы катары жакында эле президентке кайрылуу кылдыңыз, буга эмне түрткү болду?

-- Жолдошум Жеңиш Молдокматов чындыкты айтканы үчүн гана бүгүн камакта. Бийликтин кемчиликтерин айтуу кылмыш эмес. Тескерисинче, коштоп жүргөндөргө караганда сырттан айтылган сындар бийликтин ар бир кадамын курчутуш керек болчу. Мен президентке кайрылмак эмесмин, эгер сот акыйкат чечим чыгарса. Түрмө менен азап чеккен бүгүнкү бийлик түрмө менен коркутуп, адам укугун тебелеп, биздин үйдү азапка салды. Жолдошумдун камалышынан жеке өзү эле эмес, үй-бүлөсү дагы азап чегип жатат. Балдарыбыз атасына куса болуп атышат.

-- Кайрылууңуз президентке жеттиби, жооп болдубу дегеним?

-- Жеке өзүнө жеттиби так билбейм. Бирок, Facebookта, башка соцтармактарды активдүү колдонору коомчулукка маалым. Көрдү болуш керек. Көрсө ойлоноор. Убагында Садыр Жапаров камакта жатканда ата-энеси, жубайы, балдары азап тартканын эсинен чыгарып ийбесе эле туура чечим чыгарып берет деп ишенем.

-- Сиздин оюңузча, жолдошуңуз эмнеден ката кетирди? Эмнесинен жазды деп ойлойсуз?

-- Жолдошум эч бир ката кетирген жок! Ката кетиргендер деп азыр камалып, күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташа коюп, кайсы бир суммада акчаларын төлөп аткан чиновниктерди айтсак болот. 

Бир дагы күн мамлекеттик кызматта иштеп, өлкө казынасына кол салган эмес. Эркин элдин пикирин айтканы үчүн гана болуп жатат. Жолдошум чындап күнөөлүү болгондо бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу кылмак эмесмин.

-- Жеңиш Молдокматовго тагылган күнөөлөр негиздүүбү же бу жерде кандайдыр бир жеке адамдын өч алуусубу?

-- Эч кандай негиз жок. Эгер октябрь окуясы болбогондо, президент азыр деле абакта отурмак. Эл алып берген тактыны татыктуу аткарыш керек болчу.

-- Жолдошуңуз саясатка аттанып атканда, саясатта жүргөндө жубайы катары сиз менен ой бөлүшөт беле?

-- Чынында ар бир жасаган саясый кадамдарын мени менен кеңешип же айтып берчү эмес. Ооба, ошол эле учруда өтө алыс, жөн эле үй кожойкеси же сүйүктүү жары, балдардын энеси болуп үйдө отура берүү мүнөзүмдөн алыс, жалпы жонунан кабардар болуп турчумун. Бирок, саясый ойлоруна такыр каршы турчу эмесмин.

-- Кандай дейсиз, Жеңиш Молдокматов жакынкы кезде акталабы же?

-- Буюрса, жакында Бишкек шаардык сотто баш коргоо чарасы каралат. 

Акыйкаттык болсо, калыс чечим чыгарышса, бошотот деген терең үмүттөмүн...

-- Жолдошуңуз менен жакынкы учурда жолугуп сүйлөштүңөрбү, же тоскоолдуктар дале барбы?

-- Мен жолугушууга аракет кылдым. Бирок, жолдошум өзү баш тартты. Себеби, темир тордо балдары менен жолукканды каалаган жок.

-- Жеңиш мырза кандай жерде кармалып атат? Шарты түзүк элеби, кабарыңыз барбы?

-- Биз жактоочубуз аркылуу гана кат жүзүндө кабар алышып турабыз. Катта “баары жакшы, сарсанаа болбо” деп гана жазат, ашыкча эчтеке жазбайт. Бирок, жолдошумду аябай көзөмөлдү күчөтүп карап жатышат. Эмнеге андай кылып жаткандары мага түшүнүксүз. 

-- Балдары атасы кайда экенин билеби? Кимиси кандай реакция кылууда?

-- Улуу кызыбыз чоңоюп, эс тартып калгандыктан баарын билди. Болгонун болгондой түшүндүрүп бердим. Бирок, атасына абдан жакын эле, сагынып, куса болуп атканын байкайм. “Качан чыгат?” деп сурайт. “Буюрса жакында баары жакшы болот” деп гана сооротом. Кичүү уулубуз кичинекей болгондуктан атасынын кайда экенин түшүнгөн жок. Бирок, түшүнбөй турса дагы оозунан “Ата!” деген сөзүн таштабай, издеп жатат.

-- Канышай айым, президентке дагы бир ирет кайрылып коюу оюңузда жокпу, эсине дагы ирет салып дегендей?

-- Президенттик так ар бир адамга буюра бербейт. “Тулпар тушунда, күлүк күнүндө” деген кыргыздын накыл кеби бар эмеспи. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Убагында сиз, сиздин үй-бүлө, жакындарыңыз бүгүнкү күндө биз көрүп жатканды баштан кечирип, соттон-сотко чуркап, акыйкаттыкты издеп, ата-энеңиздин, балдарыңыздын көз жашы кургабай, куса болуп жүрдү эле. Ошол күндөрдү тез эле унутуп калдыңызбы?! Тарыхтан сабак алган жоксузбу?! “Эгер тарыхтан сабак албасаңар – тарых кайталанат!” деген ачуу жана чындык кепти эсиңизге салып коюуну туура көрдүм. Айып этпеңиз! 


Сурат Жылкычиев 

“Азия Ньюс” гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер