Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Гимндин текстин тандоого жалпы эл катышууга тийиш”

Аида Исатбек кызы, ЖК депутаты: “Гимндин текстин тандоого жалпы эл катышууга тийиш”

05-май, 23:58
514 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аида айым, кечээ күнү комитетте сиз “гимндин текстин жалпы эл тандашы керек” деген пикир айттыңыз. Анын механизми кандай болот?

-Маданият министри социалдык комитетке жаңы гимндин текстин тандоо боюнча комиссиянын мөөнөтүн узартканы келди. Себеби, буга чейин конкурска келип түшкөн тексттер комиссия мүчөлөрүнө жаккан эмес экен. Комиссиянын курамы 47 кишиден турат, алар үч-төрт вариантын тандаса, Жогорку Кеңешке алып келет. Анан парламент алардын ичинен бирөөнө токтолот экен. Бирок, бул деген гимн да. Аны укканда, ырдаганда ар кандай адамда мекенчилдик сезим ойгонот. Андыктан, анын тагдырын комиссиядагы 47 киши, анан парламенттеги 90 депутат эле чечпестен, тексттин мазмунун, музыкасын тандоого, талкуулоого катышууга жалпы жарандарыбыздын да укугу бар. Мен түшүнөм, албетте, 7 миллион элдин ой-пикирин кабыл алыш кыйын. Бирок, ошентсе дагы тандалган 3-4 эң жакшы вариантын талкуулоого элге механизм түзүп берилип, алар тигил же бул текст жакшы экен (!) деп добуш берип, анан элдин элегинен өткөн вариантын парламент колдосо туура болот го деген ойдомун. Гимнди ырдай турган жалпы эл болгон соң, анын текстин да эл тандашы керек.

-Комитетте сиз биологиялык активдүү кошумчалар боюнча да маселе көтөрдүңүз...

-- Мага врачтардан, карапайым жарандардан көп кайрылуулар түштү. Себеби, биологиялык активдүү кошумчалардын көп түрлөрү: сертификатталган-серфикатталбаган, контрабанда менен келген түрлөрү болот экен. Бирок, тилекке каршы, мыйзамда “лазейка” баардыгынан улам аны ким көзөмөлдөп, мыйзам бузгандар кандай жоопкерчиликке тартылары каралбаптыр.

-- Анда анын келишине көзөмөл толук кандуу жүргүзүлбөй жатат деп айтсак болобу?

-- Ооба. Анткени, ал дары каражатына да кирип, ошол эле учурда азык-түлүк сыяктуу да болуп эсептелгендиктен, бажы кызматы так эсебин алалбайт экен.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер