Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Мамытканов: “ Малга чектөөнү киргизгендер терең изилдебей чечим кабыл алды”

Бакыт Мамытканов: “ Малга чектөөнү киргизгендер терең изилдебей чечим кабыл алды”

17-декабрь, 19:35
1 547 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сыртка чыгарууга тыюу салынгандан кийин мал арзандап кеткенине фермерлер даттанышса, башкалары эттин наркы кайра түшпөй жатканына нааразы. Ал ортодо чек арада жандыктарды аткезчилик жол менен алып өтүү да айтылууда. Бул маселе боюнча эксперт Бакыт Мамыткановго суроо узаттык.

-- Малдын экспортуна киргизилген убактылуу чектөө, эттин кымбатташы тууралуу талкуу бүтө элек. Бул тармактагы эксперт катары сиздин пикириңиз кандай?

-- “Эт кымбаттады” дегенге төмөндөгүдөй пикирдемин: 2012-13-жылдары доллар баасы 44 сом болчу. Ал эми эттин баасы ошондо эле 350 сом болчу. 1 кг эт 8 доллардан айланчу. Бүгүнкү күндө эттин баасы 8 долларга чыккан жок. Доллардын кымбатташы боюнча эч ким ооз ачпайт. Негизи күндөн-күнгө жашоо кымбаттап жатат. Мисалы, буудай өткөн жылга салыштырмалуу 80%га кымбаттады. Өткөн жылы 10 сомдон айланса, быйыл 18-20 сом, айырмасы чоң. Ага салыштырмалуу, эт 350 сомдон 450 сомго чыкканы “кымбаттады” деп эсептелбейт. Дүйнөлүк ФАО уюмунун изилдөөсүнө таянсак, “эт кымбаттады, бирок былтыркы жылга салыштырмалуу 13%га төмөн болуп турат” дейт. Тилек Токтогазиев негизинен жакшы ой менен жасап жатат. Бирок тереңден изилдебей иш баштап алды. Мисалы, эл “эт жебей калдык” деп жатышат. Алардын көпчүлүгү шаар тургундары. А айыл тургундарында кандай көйгөйлөр болуп жатат? Жем-чөп кымбаттап жатабы? Ага шаардыктар баштарын дагы оорутпайт. 

Экспортко болгон потенциалыбызды акыркы 10-15 жылдан бери өнүктүрөбүз деп далалаттанып жатабыз. Бүгүнкү күндө айыл чарбабызды гана өнүктүрө алабыз. Завод-фабрикалар жокко эсе. Эттин өндүрүлүшүнүн эле өзү кымбат. Казакстандагыдай кенен талааларыбыз жок. Жем-чөптү тынбай сатып алабыз. Мисалы, жеңилдетилген кредиттер берилип турса, эт арзандайт. Өндүрүштү көбөйткөн сайын арзанчылык болот. Өзбекстан менен акыркы 30 жылда соода карым-катнашыбыз бар. Азыркы чектөөнү киргизгендер бул тууралуу ойлонгон жок. “Соода-сатык алакабызга залакасы тийбейби?” деп ойлонгон жокпуз. Азыр биз аларга чектөө киргизсек, эртең алар да бизге ар кандай чектөө киргизип коюшу мүмкүн. Толгон-токой чектөөлөрдүн бирин киргизип койсо эле элге зыян болуп калат. Тилектин жакшы пландары болгону менен жанындагы стратегиялык ой жүгүртүүсү жок орун басарлары бузуп жатат. Баягы эле мурдагы система. 

-- Балким, алдын ала пайызы аз кредит берүү ж.б. жолдор каралса, башкача болмоктур...

-- Негизи айыл чарбалык мамлекетпиз. 70% эл айыл жергесинде турат. Ошол 70% элдин кызыкчылыгын эске албай, “Бишкекте эт кымбаттады” деп чектөө киргизди. Чектөө киргизгилери келсе, адегенде фермерлерден “арзаныраак эт сатып бере аласыңарбы?” деп суранышса болмок. Мисалы, мен “мага кредит бергиле, пайызы минимум болсун. Менин силерге салымым: Бишкекте күнүгө 2-3 тонна этти арзан баада сатам. Бүгүн эт 450 болуп жатса 350 сомдон сатканга макулмун” дегендей сунуштар эске алынышы керек эле. 

Кандай чектөө болбосун, киргизүү алдында система ойлонуш керек. Тилек Токтогазиев “20-30 миң фермерлердин кызыкчылыгын карап, 6 миллион элди кыйнап койбойлу деп чектөө киргиздик” дейт. Ал аны туура ойлоно албай жатат. 6 миллион элдин 5-10%ынын эле айылда туугандары жоктур. Калганынын баарынын туугандары айылда. Кайсы жаңы бийлик келбесин, “айылды көтөрүш керек” деген лозунгду айтышат. Мага окшогон эт өндүрүүчүлөрдөн чоң шаарларга арзаныраак сатууну суранса болот да. Мисалы, Каракол шаарында эттин баасы бүгүн деле 350 сомдон. Бишкекке салыштырмалуу 1 долларга арзан. Бишкекте эт өндүрүү эмес, аренда кымбаттыгынан болуп жатат. Андай нерселерди эске албай эле чектөө киргизилди. 

Бул чарбада, анын ичинде эт тармагында иш алып барганыма 25 жылдай убакыт өттү. Өзбекстанга саткан жылдарыбыз бар. Беш жылдан кийин кайра алар бизге сатат. Ушундай карым-катнашта жүрөбүз. Биз өтө ыңгайлуу соодалашышыбыз керек, аларда жокту биз берип, бизде жокту алардан алып дегендей. Чектөөнү мен туура деп эсептебейм. Себеби, бизде даярдык жок. Мисалы, унаа жарыш өткөргөнү жатабыз дейли. Ага биринчи стадион, эл отура турган отургучтар, жол даярдалышы керек. Айланасын тегеректеш керек. Баары алдын ала даярдалуусу шарт. Ал эми бизде кандай болууда? Машина алып койду, бирок калган инфраструктура даяр эмес. Салыштыруу менен карасак ушундай көрүнүштө. Мындай иштер этаптарды басып өтүп, анан ишке ашышы шарт. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер