Контрреволюционер Бабанов бийликтин короосуна “жыландай сойлоп” киргенде...


2020-жылы 9-октябрда Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Сапар Исаков, Руслан Казакбаев, Рыскелди Момбеков, Жеңиш Молдокматов ж.б. саясатчылар Садыр Жапаровдун бийликке келүүсүнө каршы аянтка барышып, чагымчылыкка кабылышкан. Ал жерден криминалдык элементтер ок чыгарууга чейин барышып, ташбараңга алышкан. Мына ушундай кылчайнашкан татаал жагдай жаралган, натыйжада, булардын ичинен баары эле ар кандай алкакта жол таап кетишкен. Бир гана жаш лидер Жеңиш Молдокматов саясый курмандык катары түрмөгө отуруп чыкты. А баса, Алмазбек Атамбаев да мурдагы жана ошол иштер боюнча абакта. А беркилери соодалашып, качып кеткендери болду. Бир гана шылууну Өмүрбек Бабанов кайрадан президент Садыр Жапаровдун ишкерлерди өнүктүрүү жыйынына “жыландай сойлоп” кирип, акыл айтып отурат. Бул кандай? Кыргыз саясатынын ашмалтайы чыга баштаганы ушулбу?
"Азия Ньюс" гезити











