Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Соке бата бере албай тантыраса, Рахатбек Жапаров чартаңбай тээп жыргаганда

Соке бата бере албай тантыраса, Рахатбек Жапаров чартаңбай тээп жыргаганда

06-январь, 09:30
2 067 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Асылбек Жээнбеков кызын Акылбек Жапаровдун баласына узатып, өткөн жылдын соңунда чер жаза тойлоп алышты. Чет-бучкагы атайын тасма катары тартылып, соцтармактарга да тарады. Албетте, эки жашка бакыт каалайбыз! Баса, ошондогу бир ирмемге токтололу. Сооронбай Жээнбеков дасторкон үстүндө кыз-күйөөгө бата берип атат: “Алдыңарды бала, артыңарды мал бассын...” дейт. Ушинтип да тантырап бата береби? Байыртан көчмөн ата астына малын айдап, артынан балдарын ээрчиткенин билебиз да. Кеп маңызын бузбайлы!

Ушундай Соке... Үч жыл кыргыз эли кимге башкартып отурганыңарды эми сездиңерби?  

Дал ошол тойдогу дагы бир көрүнүшкө токтололу. ЖАМКнын орун басары Рахатбек Жапаров алагүү тарта ырчыларга кошулуп ырдап, ортодон Соке менен кучакташа кетип, чартаңбай тепкенин көрдүк. Эгерде ушул жерде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси эмес, жөнөкөй мамлекеттик кызматкер болсо, жетекчилиги сөгүш берип, атургай кызматынан айдап жибермек. Мыйзамга, этикалык нормаларга такап туруп. Реалдуу турмушта мындай чечимдер далай эле иш жүзүнө ашканын билебиз. А бул саам эмне болду? Тийешелүү органдар билмексенге салышып, Рахатбек Жапаровдун ырдаганына, матыраңдай жыргаганына суктануу менен гана карап турушту. Туурабы? 

Негизи мамлекеттик чиновник той-тамашаларда өзүн этият кармап, ичкилик ичсе да көзгө чалдыкпай, жүрүм-турумун түздөш керек. А бизде “тууганың болсо туйлайсың” дегендей эле кеп. Сарэсеп салып алгыла, урматтуу калыс окурмандар! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер