Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » АКШ коронавирус пандемиясына айыпкерди тапты

АКШ коронавирус пандемиясына айыпкерди тапты

02-июнь, 12:07
1 452 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Трамп менен Байдендин COVID-19 боюнча ою капыстан бир жерден чыкты. АКШнын мурдагы президенти пандемия башталгандан бери эле вирус Кытайдын Ухань калаасындагы лабораториясынан чыкканын кайталап келген.

Ал эми Жо Байден жана анын бүтүндөй демократиялык партиясы вирус лабораториядан жасалган деген ойду дегеле жолотушкан эмес. Эми минтип күтүүсүз бурулуш болуп отурат. Өткөн аптадан тарта Байден вирус лабораторияда жасалган деген ыктымалды айтууда. Ал эми либералдык истеблишменттин жарчысы Facebook табышмактуу илдеттин лабораторияда жасалганы боюнча талкууланган постторду бөгөттөөнү токтотту. Вашингтондогу администрация коронавирус атайын жасалган вирус болушу мүмкүн экенин моюнга алары менен айыптуу ким экени аталды. Виктория Никифорова ушул ачылыштын айланасында ой толгогон.

Президент Байдендин буйругу менен атайын кызматтар “вирус Кытайда жасалган деген версия менен гана алектенери турулуу иш. Башка варианттар каралган да жок. Кытай Эл Республикасын шалаакылыкка же диверсияга айыптоо, албетте, бир да далил менен тастыкталган эмес.

Кытайга каршы бул окуянын баары The Wall Street Journal басылмасында жарыяланган макалага гана негизделген. Анда пандемияга чейин эле Ухандагы кайсы бир окумуштуулар коронавируска окшогон дартка чалдыгышканы боюнча маалымат камтылган. Ошентсе да бул окуя таптакыр бүдөмүк, далилсиз.

“Спутник кж”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер