Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Орус өкмөтү "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесине 50 мамлекетти киргизди
Орус өкмөтү "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесине 50 мамлекетти киргизди
08-март, 12:23

Ага Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Канада, АКШ, Жапония, Швейцария, Микронезия, Сан-Марино, бардыгы болуп 50 мамлекет кирди. Тизмеге Украинадагы согушка байланыштуу Россияга каршы санкция салган же аларды колдогон өлкөлөр камтылган.
Президент Владимир Путин буга чейин кол койгон буйрукка ылайык, “дос эмес мамлекеттердеги” кредиторлор алдында бересеси бар россиялык компаниялар менен жарандар карызын валюта эмес, рубль менен төлөй алышат.
“Кара тизмедеги” компаниялар менен келишим түзүү чет өлкөлүк инвестицияларды көзөмөлдөгөн атайын комиссиянын жактыруусунан кийин гана мүмкүн болмокчу. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтында айтылат.
“Дос эмес өлкө” деген термин Россиянын мыйзамдарында биринчи жолу былтыр апрелде пайда болгон. Андай мамлекеттердин орус жергесиндеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө башка өлкөлөрдүн жарандарын жалдап алууга тыюу салынган. Ошол тизмеге АКШ жана Чехия кирген.