“Тышкы карыз өсүп, элди жакырчылык каптоодо”
-- Кымбатчылык кара тумоодой каптаган Кыргызстанда арзыбаган айлык, пенсия менен кантип жашаса болот? Жакынкы жылдары жакырчылыктан чыга алабызбы?
Эрнест Карыбеков, эксперт:
-- Кыргызстан дүйнөлүк каржы экономикалык системада болуп, 80%дан көп товарларды башка жактан сатып алабыз. Дүйнөлүк экономика система структуралык кризиске учурады, албетте, каржы экономикадан көз каранды, Кыргызстанда баа өсөт. Демек, өлкө "чөгүп бараткан" бул системадан чыгып, өзүбүздүн экономикалык моделибизге өтүшүбүз зарыл. Биринчиден, мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу инфраструктуралык экономика тармактары улутташтырылышы керек. Кымбат, натыйжасы төмөн электростанциялар менен алек болбой, арзан, пайдалуу, коэффициенти жогору (КПД), ишенимдүү Кара-Кече ТЭСтей базалык электростанцияларды куруп, мамлекеттик жөнгө салуу болуш керек.
Эмир Сарпашов, ишкер:
-- Бул суроо ички экономикабыздын абалы тууралуу болуп жатат. Кымбатчылык – бул инфляция менен түз байланышта, аны бардыгы эле түшүнүшөт. Инфляцияны жеңиш үчүн ички экспорттолуучу товарларды көбөйтүү зарыл. Сырттан келген инвесторлорго шарт түзүп берүү керек. Бизде андай мүмкүнчүлүктөр бар. Анан дагы бир айтып кете турган кеп бар, президентибиз айткандай, элибиз жалкоо, бул чындык. Эли эмгекчил өлкөлөр эч качан жарды болбойт.
Максатбек Казакбаев, журналист:
-- Айлык чынында эле өтө аз. Мисалы, мен өзүм деле мугалим катары эмгектенип, "бюджетник” катары 10 жылдан ашкан стаж менен 18 миң сом айлык чыгат, коммуналдык төлөмдөр менен азык-түлүккө да жетпейт. Албетте, кошумча иштөөгө аргасызмын. Өкмөт "жакында оңолобуз" деп улам-улам айтат, а элди реалдуулукта жакырчылык каптоодо, ички, тышкы карыз өсүүдө. Элге оорчулук жаралууда.
"Азия Ньюс" гезити