Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Милиция кызмат абалынан кыянаттык кылса, эмне үчүн видеого тартпаш керек?”

-- Динара айым, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин фото жана видеосъемка жасоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору бир топ талаш-тартыштарды жаратты. Долбоор боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?
-- Негизи, милиционерлер өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырып жаткан учурда аларды тартканга болбойт. Ал деле адам да, анын деле бала-чакасы бар дегендей. Бирок, ал ичип алып, ыйгарым укугунан кыянат пайдаланып, бирөөнү опузалап, же сабап атса, анда тартса болот. Аша чаап, кызмат абалынан кыянат пайдаланса, эмне үчүн сүрөткө, видеого тартпаш керек? Мугалимдерди деле тартып атышпайбы.
-- Анда “кандай учурда тартат-тартпасын” деп так бөлүп көрсөтүш керек турбайбы?
-- Бул мыйзам али бизге келе элек. Эгер келсе, талкуу учурунда мен “өз милдетин аткарып жаткан учурда тартууга мүмкүн эмес” деп тактап жазалы” деген сунуш киргизем.
"Азия Ньюс" гезити