Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турат Акимов: “Бизден Пашинян же Саакашвили чыкпайт, саясый чылада чирий беребиз”

Турат Акимов: “Бизден Пашинян же Саакашвили чыкпайт, саясый чылада чирий беребиз”

07-август, 11:19
1 782 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Партиялар курамы бекитилип, жарыяланып, күн санап шайлоо шааниси күч алууда. Сизде кандай пикирлер жаралууда?

-- Негизи дагы бир айдай убакыт бар. Жарышка чыккан 44 партия дагы электен өтөт. Биринин документи туура эмес болуп калат. Ортолору ыдырайт. Башчылары, каржылаган адамдары кетип калат. Азыр акыбал туруктуу эмес. 4-сентябрдан баштап канча партия өткөнүн БШК жарыялагандан кийин анализдеп айтсак болот. Кимиси опозиция, кимиси лидер, кимиси татыктуу – баары айтылат. Кечээги бириккендер ажырашып жаткандан кийин мындай окуялар дагы көп болчудай. 

-- Соцтармактарда чуу уланып жатат, Бакиевдин туугандары, Атамбаевдин уулдары, айтор, акчалуулар эле кайрадан парламентти ээлегени турушат. Чындап элге күйгөн, мекенчил уулдары сыртта эле калары ачык-айкын болуп калды...

-- Партия деген чоң уюм. Аз дегенде курамында миң адам болушу керек. Акчасы жок адамдар кээде жол кире же унаасын оңдогонго акча таппай калышат. Миңдеген адам чогулткан партия жетекчиси бай болуш керек. Андыктан, байдын урпактары, балдары, өздөрү гана чыга алышат. Калгандары кошоматчылар, байларды жандоочтор болуп калат. Мисалы, бир үй-бүлөсүн бага албагандар жүз кишини, миң кишини кантип артынан ээрчитет? Ошондуктан бул система боюнча байлар гана шайлоого катыша алышат. Конституциянын зыяндуулугу ушунда. Бийлик акча үчүн, байлар үчүн гана болуп калган. 

-- Анда келерки парламентти кандай элестетип жатасыз?

-- Бул партиялык системанын турпаты ушундай. Бизде саясый аң-сезим жок. Идеясы жок бир кишинин артынан кеткендер чогулушуп, бир партия болуп кала берет. Негизи азыр бир партиянын прогаммасын окуган жан жок. Лидерине карап эле артынан чуркай беришет. Элдин сабатсыздыгынан, саясый системанын элдин мүнөзүнө туура келбегендигинен ушундай абалдабыз. Кыргыздар кырк партиянын арасынан тандап алыш үчүн кырк программа окушу керек. Антип эч ким окубайт. Анүстүнө интернеттен көчүрүп, аттарын өзгөртүп, “Россия” дегендин ордуна “Кыргызстан” деп жазып коё беришет. Шайлоо системасы ушундай. Акчаң болсо каалаганыңды жасай бересиң. Акчаң жок болсо партиянын шыпыргысын дагы көтөрө албайсың. 

-- Өзүңүз шайлоого барууну ойлонгон жоксузбу?

-- Менде биринчиден, акча жок. Эл айтат, “Турат жакшы киши, бирок акчасы жок экен, андан көрө акчалуудан беш миң сом алып, бала-чакама кийим сатып берип коёюн” дейт. Бул “өлгөн койдун жүнүн тытып калайын” деген кыргыздын жашоосу. Биздикилер ушу жубайына да, тууганына да эмес, акча берген кишиге гана ишенет. Кожодой колдоп берет. Кошоматчы болуп чуркай беришет. Акыл-эс менен шайлашпайт. Байлар муну билген үчүн башка системаны киргизбейт. Азыркы саясый элита башка нукта жүргөн мен сыяктуу адамдарды эч качан жолотпойт.  Өлкө башына Пашинян, Саакашвили сыяктуу адамдар келип калса, саясый элита жоопко тартылат. Ошондуктан мындай адамдарды жакындатышпайт. Конституцияны да, шайлоо системасын дагы бурмалап алышат. Ошону менен же Пашинян, же Саакашвили чыкпайт, баягы эле саясый чылада, сазда чирий беребиз.   


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер