Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Руслан АКМАТБЕК, ишкердик боюнча эксперт: “Ишкерлер эң оболу “каралардан” эмес, аткаминерлердин өзүм билемдигинен коргоонууга муктаж”

Руслан АКМАТБЕК, ишкердик боюнча эксперт: “Ишкерлер эң оболу “каралардан” эмес, аткаминерлердин өзүм билемдигинен коргоонууга муктаж”

04-ноябрь, 22:16
921 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Биздин өлкөдө кандайдыр бир себептер менен өлүмгө учураган ишкерлер жок эмес. Мындай кайгылуу учурга каралар себепкерби? Ишкерлердин коопсуздугун коргоого кандай мыйзамдар каралган?

-- Бизде Конституциядан тартып башка мыйзамдарда деле баардык чаралар  каралган. Кагаз жүзүндө баары жакшы, кыпындай кемчилик жок. Бирок, иш жүзүндө кыйынчылыктар бар. Себеби мыйзамдын иштебегени, чара көрүлбөгөнү алдын алынбаганы чоң көйгөй. Коопсуздук деген эң биринчи муктаждык, биринчи талап. Кыргызстанда жалпы криминалдык абал, жалпы тартип, жалпы мамлекеттүүлүктүн таасири ушундай болуп жатат. Качан гана өлкөдө башаламандык, мыйзамдын иштебегендиги күч алганда, мындай көрүнүштөр көз көрүнөө көбөйөт. 

-- Бир ишкердин иши өркүндөп, жүрүшүп жатат дейли. Криминал дүйнөсүндөгү адамдардан ал ишкерге карата кандай коркунучтар бар?

-- Ал жерде ишкер легалдуу, ачык айкын иштеп жатса, көп деле коркунуч жок. Биздеги көмүскө экономиканын көптүгү, башкача айтканда, мамлекеттин алсыздыгы ушуга алып барууда. Көмүскө экономиканын чоңдугу, тилекке каршы, ишкерлердин коопсуздугуна залал келтирип, ошого шарт түзүп жатат. Мыйзамдуу эле иштеп жаткан ишкерлерге ачык түрдө кол салуу жок. Буга ишкерлердин да алдын албаган, ойлонулбаган иштери чоң себепкер.

-- Ишкерлик омбудсмени иш баштады. Ишкерлер оор жагдайга учураганда алардын кандай көмөгү бар?

-- Алардын иштери, жардамы тууралуу айтуу өтө эрте. Анткени ал жаңы гана түзүлдү. Мунун түзүлүшү менен эле баардык маселе чечилип кетет (!) деген сөз жок. Мурдатан деле ишкерлердин укугун коргоо боюнча иш алып барган толтура ассоциациялар бар болчу. Жарандардын укугун коргоочу жалпы омбудсмен дагы толгон-токой аянтчалар бар. Президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин алдында кеңештер бар. Алар жалпылап омбудсмендин ишин алып барат. 

-- Негизи эле ишкерлерди кимден коргоо керек?

-- Алар эң оболу “каралардан” эмес, аткаминерлердин өзүм билемдигинен коргоого муктаж. Текшерүүлөрүнөн, ар кандай коркутуу-үркүтүүлөрүнөн коргоого муктаж.  


Жамиля НУРМАНБЕТОВА,

“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер