Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Көчмөндөр оюндары Теңир-Тоодо өтсө, куп жарашканы турат”

Келдибек Ниязов, КР эл артисти: “Көчмөндөр оюндары Теңир-Тоодо өтсө, куп жарашканы турат”

05-ноябрь, 17:30
1 139 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Келдибек байке, Көчмөндөр оюндарын өткөрүү кезеги кайрадан тегеренип отуруп өзүбүзгө келди. Эми күдүк ойлор четинен чыга баштады, бири Баткенге, экинчиси Каркырага дешип. Сиз бери дегенде 60 жылга жакын жер кыдырып жүргөн адам катары айтсаңыз, кайсы жерге өткөрсөк куп жарашканы турат?

-- Сурат, туура суроо бердиң. “Кырчын” жайлоосун такырайтып бүтүрдүк. Баягы “Ат көрбөгөн минип өлтүрүптүр, катын көрбөгөн...” дегендей, быйыл ошол “Кырчын” жайлоосуна бардым. Кадам сайын баклажкалар, ар кандай желим баштыктар учат. Чаңы сапырылып. Жүзү курусун, зээним кейиди. Болбоду дегенде 5-6 жыл эс алдырыш керек го. Ал эми чет элдик туристтер жер көргөнү бара берсе мейли.

-- Анан каякты мелжеп турасыз?

-- Баягы Манаста айтылат эмеспи, “Бири кетти Алтайга, бири кетти Кангайга” дегендей, кыргыздар туш-тарапка жоодон, баскынчылардан кача баштаганда жалгыз Кошой абам: “Кыргыз жерин эч кимге бастырбайм, тебелетпейм. Кашык каным калгыча жерим, элим үчүн салгылашам. Керек болсо өз жеримде өлөм!” деп кетпей калбады беле? Ал жер Ат-Башыдагы Кошой коргон. Мына ошол жер де кезектеги Көчмөндөр оюндарынын ачылышын кылыш керек. 20-июндан 1-июлга чейин 10 күн катары ал жерде аба ырайы укмуш сулуу болот. Көздүн жоосун алып, жердин бетине жашыл килем салып койгондой болуп турат...

-- Жылдан-жылга Көчмөндөр оюндарына катышкан мамлекеттердин саны көбөйгөндөн көбөйүүдө. Быйылкысында эле жүзгө жакындады. Биз өткөргөн маалда жүздөн ашат, кем болбосо керек. Анча көчмөн-спортчуларды Ат-Башы жергеси батыра алабы?

-- Кептин баары ушул жерде болуп атпайбы. Спорттун түрлөрүнө жараша ачылыштан кийин Теңир-Тоонун аймактарына бөлүш керек го? 

-- Маселен?

-- Ак-Талаада атактуу Тайлак баатырдын күмбөзү турган жерге жаа атмай, жамбы атмай, таяк тартыш ж.б. оюндар дегеним. Кудай урбадыбы, ага чейин да убакыт бар эмеспи. Мүмкүн баардык эле оюндарды ошо Ат-Башы жергесинде өткөрсө болот да. “Кырчын” жайлоосунан кем эмес “Босого” жайлоосу бар, Үч суунун куйганы эмне деген жер! Хан-Теңири чокусунун этегичи! Мен билгенден илгери, союз учурунда Булаңбаш деген жер кадимки стадионго түспөлдөш болуп, 7-ноябрда Улуу Октябрь революциясынын урматына чоң майрам өтчү. Кунан чабыш, жорго салдырмай, ат чабыш, эр эңиш, көкбөрү, кыргыз күрөштөрү, кыз куумай – бүт өтчү. Аны өзүң деле көрүп калдың. 

-- “Союз” десеңиз саясат жыттанып кетти. Саясаттын көзү түз болсо баары жайында экен да?

-- Негизинен чыгармачыл адамдар саясатты жаман көрүшөт. Болгону азыркылар, анын ичинде куудулдардын күнү саясатсыз өтпөй калбадыбы. Мурун Суусамыр өрөөнү Теңир-Тоого тийешелүү болчу. 5-6 саясатчынын кесепетинен Чүйгө каратышты, элди көкүтүшүп, “Нарындан Суусамырга ат тезегин кургатпай текшерүүчүлөр эле келе беришет. Чүйгө карасак ашуудан айбыгышып көп келбейт” дешип. Нарынды чанышып, Чүйгө карап калышкан. Ал жердеги алп балбаныбыз Кожомкулдун күмбөзүнүн жанына таш көтөрүү, алыска ыргытуу, ат көтөрүү ж.б. оюндарды кылса жарашканы турбайбы. 

-- Ошондо Кочкор калып калабы?

-- Калбайт. Ал жерде Ормон хандын айылында ат майданы курулбады беле, мына ошо жерге көкбөрүнү өткөрсө болот. 

-- Көчмөндөр оюндарынын “көзүрү” болгон ат оюндары, ат чабышты каерге кылсак болот?

-- Туура эскерттиң, кунан чабыш, жорго салдырмай, аламан же ат чабыштын Соң-Көлдө өткөнү дурус. Анткени дүйнө жүзүнөн келип атса, жаратылышыбыздын кооздугун, тарыхый жерлерибизди көрсөтүшүбүз керек да. 

-- Келдибек байке, киши укпасын, килейген Нарын шаарын аттап кеткен жокпузбу?..

-- Нарын шаарыбыз кантип көз жаздымда калсын, калбайт. Ал жерде акыл-эс оюндары болгон тогуз коргоол, тогуз кумалак, мангала, ордо ж.б. оюндарды өткөрсө болот. Бир нерсени кошумчалай кетейин, эгер чындап эле мен айткан сунуштар өкмөт тарабынан туура кабылданып, Көчмөндөр оюндары Теңир-Тоодо өтүп кала турган болсо, эл аралык деңгээлде мейманканалар курулат эле. Жолдор салынып, инфраструктура жакшы жакка өзгөрүлмөк. Чет элдик туристтер үчүн кызматтар көбөйөт эле. 


Сурат Жылкычиев
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер