Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Болочок аялыңды кантип тандаш керек?

Болочок аялыңды кантип тандаш керек?

16-ноябрь, 09:00
480 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Кызыктуу икая)

Бир жолу эркектер чогулушуп, аксакал кишиден сурашыптыр: 

-- Айтсаңыз, сиз кемпириңиз менен жарым кылымдан ашык жашадыңыз, бир дагы урушуп-кыйкырышып жатканыңарды көргөн да, уккан да жокпуз. Кантип?

-- Билесиңер да, жаштар кечинде чогулуп отурушканды жакшы көрүшөт. Караңгы киргенде балдар кыздарды колунан кармап үйлөрүнө узатышат. Бир жолу узаттың – эч нерсе эмес, экинчи жолу – демек, бир түрткү бар, үчүнчүсүн – “болочок күйөөсүмүн” деп эсептей бер. Мына мен дагы ушундай бир кечтерде кызды узатып жөнөдүм. Сүйлөшүп баратсак эле ал акырын менин колумду коё берип, четке оолактады. Көрсө, мен түз эле жолдогу чалчыкты кечкени баратыптырмын, бирок бурулбай кечип өтүп кеттим. Кийинки чалчыкты атайын эле бастым, ал дагы колун тартып айланып өттү.

Кийинки кечте башка кызды баягы эле жол менен узатып жөнөдүм. Ошол эле көрүнүш болду: мен кечип өттүм, ал айланып өттү.

Андан кийинки кечте үчүнчү кызды узатканга жол арттым. Баягы жол, баягы чылчыктар. Түз эле чалчыкты көздөй басканымда, ал менин колумду катуу кармап, менин сөздөрүмдү кунт коюп уккан бойдон чогуу кечип өттү. Көрбөй калды го” деп чечтим да, кийинки тереңирегине бастым. Дагы чогуу кечип өттүк. Мына ошондон бери чогуу, урушпай-талашпай жетелешип жашап келатабыз, - деп аксакал сөзүн бүтүрдү. Эркектердин баары оозун ачып турушту, улуурактары болсо:

-- Муну эмнеге эртерээк айткан жоксуз? Биз да аялды сиз сыяктуу тандайт элек да. Балким биз дагы бактылуу болот белек... - дегендей түрдө калышты.


Алты сыр 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер