Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Батукаевдин иши Атамбаевди гана “сындыруунун” амалы беле?

Батукаевдин иши Атамбаевди гана “сындыруунун” амалы беле?

26-июнь, 13:05
799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кримавторитет Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылышы боюнча жалгыз Алмазбек Атамбаев гана 11 жыл 2 айга эркинен ажырашы коомчулукта ача пикирлерди жаратты. Күч органдары, сот баш болуп, бийликтин бейнесине көө жаап атканы ушулбу? Эмне үчүн башка фигуранттар жаза албай, же “суудан кургак” чыгышууда? 

Маселен, дал ушул кылмыш ишине шектелген Индира Жолдубаева 2013-жылы президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүн жетектеген. Ага 5 миллион сом айып пул салынып, чин-даражасынан ажыратылды. Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду жоопкерчиликке тартуунун мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза колдонулган жок. ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев 2 жылга кесилип, бирок жазасын өтөп койгондугуна байланыштуу сот залынан эркиндик берилди. Айтор, Атамбаев менен кошо соттолгон буларга “ооз учунан” жаза берилгенине күбө болдук.

Ал эми Бусурманкул Табалдиев (качып кеткен), Шамил Атаханов, Аида Салянова, Зарылбек Рысалиев ж.б. экс-чиновниктерге тергөө менен кызматташканы боюнча жеңилдиктер каралып, “камырдан кыл сууругандай” образды жаратышты. Кыскасы, Атамбаевден башкасы ар кандай амалдар менен кутулуп кетишкен соң, Батукаевдин иши бир гана адамды “сындырууга” багытталган беле?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер