Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2021-жыл оңбогондой катаал болушу мүмкүн. БУУ эмнелерди айтты?

2021-жыл оңбогондой катаал болушу мүмкүн. БУУ эмнелерди айтты?

07-декабрь, 17:24
1 218 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2021-жылы дүйнө акыркы 75 жыл ичиндеги эң ири гуманитардык кризиске кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизлиге шилтеме берип Deutsche Welle жазды.

"Азыр эмне болуп жатканын карап көрсөк, келе жаткан 2021-жыл көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолору айдан ачык болуп турат. Ондогон мамлекеттер ачка калат. Эмдиги жылы биз баардык нерсени каржылай албайбыз. Андыктан айрым гана нерселерге артыкчылык беришибиз керек. Негизи бай өлкөлөр жакыр өлкөлөргө COVID-19га каршы вакцина алышына бут тоспошу керек", — деди аткаруучу директор.

Ал эми Безлиге таянып РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, акыркы төрт жыл ичиндеги куралдуу чыр-чатактардын кесепетинен ачкачылыкка кептелген адамдардын саны 80 миллондон 135 миллионго чыгып кеткен. Ошол эле учурда пандемия бул көрсөткүчтү 270 миллионго көтөрүп койду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус вакцинанын адилет бөлүштүрүлүшү үчүн глобалдык программага дагы 4,3 миллиард доллар бөлүүнү сунуштады.

БУУнун маалыматы боюнча, келе жаткан жылы гуманитардык жардам 235 миллион кишиге өтө зарыл болушу мүмкүн. Аларды камсыздоо үчүн дагы 35 миллиард доллар талап кылынат.

“Спутник”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер