Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кызыл зонада” жаткан 5 бейтап өтө оор абалда

“Кызыл зонада” жаткан 5 бейтап өтө оор абалда

09-ноябрь, 17:56
779 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 9-ноябрга карата Ош шаарындагы “кызыл зонада” коронавирус илдетин жугузган 32 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Кыял Ташполотов билдирди.

Анын айтымында, 5 бейтаптын абалы өтө оор болууда. Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетин жугузган жаңы учур катталган жок.

«Бүгүн жаңы учурлар катталган жок. Биздин кызыл зонада коронавирус илдетин жугузган 32 адам жатат. Анын бешөөнүн абалы өтө оор болууда. 19 бейтаптын абалы оор болсо, орто оор абалда сегиз бейтап жатат» деди Кыял Ташполотов.

Өлкөдө коронавирус илдети катталып, эпидемиологиялык абал курчугандан баштап Ош шаарынын аймагында 7101 адам аталган вируска чалдыкты.

“Турмуш кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер