Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тажик баладан кош бойлуумун...

Тажик баладан кош бойлуумун...

05-февраль, 11:48
1 405 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен окуумду жана мектепти аяктаганча, биздин үй-бүлөдөгү турмушка араң чыдадым. Атам каза болгондон бери көп жылдар өттү... 

Өзүмдөн улуу эки эжем, анан бир иним бар. Апам, эжелерим өз кызыкчылыктары менен эле жашап жүрүшөт. Биздин үйдөн уруш кетчү эмес. Кээде ачка калган күндөрүбуз да болот. Эжелерим ар кайсы жерден курсагын тойгузуп келип жатып алышат. Апам да ошентет. Иниме эле боорум ачыйт. Эртерээк эле мектепти аятасам, өз алдымча иштеп кетким келчү. Акыры ошол күн да келди. Таежем кыздары менен Москвада иштешчү. Аларга кайра-кайра жазып жатып, иш таап, Орусияга аттандым. Жумуш оор эле. Бирок баарына чыдап, иштеп, жакшы акча таба баштадым. Инимдин муктаждыктарын алып берип, акча салып, оор болсо да өз ишиме ыраазы элем. 

Бир күнү батирдеги кыздар менен кафеге эс алууга бардык. Бир кызыбыз тажик улутундагы бала менен жакын болуп жүрчү. Анын жигити досторун ээрчитип келиптир. Ошол жерден тажик улутундагы Арнус менен тааныштым. Күн санап мамилебиз жакын боло баштады. Кыргыз балдардан ал жигит менен жакын мамилем үчүн укпаган сөздү уктум. Бирок, анын камкордугу, чынчылдыгы, ак көңүлдүүлүгү, маданияты менин мамилемди муздата алган жок. Апамдан да ал үчүн канча жаман сөздөрдү уктум? “Баланчанын кызы тажикке тийиптир” дегизип, менин бетиме көө сүйкөп... Баарын токтотуп, кайтып кел!” деп талап койду. Бирок артка кайтууга жол жок. Арнус “баш кошолу” деп колумду сурап жатат. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, макулдугумду билдирдим. Ушунчалык бала кезден турмуштун запкысын көрбөсөм, же үйүмдө же өлкөбүздө мага окшогондорго камкордук болсо, минтип башка улутка турмушка чыкмак тургай Орусияга келмек да эместирмин! Тагдырыма наалат айтам. Бирок, боюмда болуп калганына сүйүнөм... Тажик болсо да ал менин таалайым да...


Айнура Насирова

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер