Улан Майлыбашев: “Жер алдындагы суулар көтөрүлгөндө бизге чоң көйгөй жаратат”


Кант шаарынын мэри менен маек.
-- Улан мырза, президент Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” өнөктүгү республиканын баардык жерлеринде колго алынууда. Бул өнөктүк Кант шаарында кантип атат?
-- Бул боюнча бир топ жакшы иштер башталды. Шаар тургундары эс ала турган паркыбызды иретке келтирип, жашылдандыруу маселеси алдыга жылды. Отургучтарынан баштап, ажатканасына чейин заманбап үлгүдө жасалып, уңкур-чуңкурлар тегизделип бүтүп калды. Таштанды челектер, жарыктандыруу системалары жаңыланды. Мындан сырткары, электр энергиясына көз каранды болгон, тактап айтканда, күн нуру менен жабдылган жолчырактар шаардын төрт жерине коюлду. Мындай жаңылык жадагалса Бишкекте жок. Эгер байкасаңыздар, баардык жол жээгиндеги мыйзамсыз күркөлөр, соода түйүндөрү алынып салынды. Натыйжада жолдор кеңейди. Инфраструктуралар ай сайын эмес күн сайын жакшырууда. “Коопсуз шаар” системасын биз дагы өздөштүрүп атабыз. 27 камера коюлуп, бир түйүнгө байланган.
-- Шаардын кайсы көйгөйү сиздин жүрөгүңүздү оорутат?
-- Кант шаары саздак жерде турат. Союз маалында дренаждык жерлер бар эле, кийин баарын элге бергенде алар огород кылып анча-мынча арыктарын жаап салып, жер алдындагы суулар кайрадан көтөрүлүп аткан жагдайлар жок эмес. Бул көйгөй жеке эле шаар тургундары эмес, менин да жүрөгүмдү оорутуп келет. Дагы бир көйгөйүбүз – саркынды суулар, канализация. Кайрадан иштетип чыгуу механизмдер мурун күнүнө 10 миң куб болчу, учурда биз 20 миң кубга жеткирдик. Анткен менен көйгөй чечилип калды дегенден алыспыз.











