“Агартуу министрлиги” деп ким даярдап берсе да, туура эмес болуп калыптыр”

-- Билим берүү жана илим министрлигинин экиге бөлүнүүсүнө кандай ойдосуз? Ушул жол менен жалпы кризистен чыгууга мүмкүнбү?
Чыныбек Ажыбеков, И.Касендеев атындагы №55 кесиптик лицейдин директору:
-- Чындыгында тармак өтө чоң. Андыктан экиге бөлүнүшү туура эле болду. Билим берүү чөйрөсүндө башталгыч кесиптик билим берүү системасы бар. Бул эмгек рыногу үчүн жумушчу кадрларды даярдап келет. Учурда республика боюнча 100 лицейде отуз миңге жакын балдар билим алышууда. Учур талабы, эмгек рыногу күн санап жумушчу кадрларга болгон муктаждыктарды көрсөтүп жатат. 80 жылдан ашык тарыхы бар бул тармакка мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулса деген кайрылуум бар. Мектеп системасы менен бириктик, ошого жараша тармакты жаңылап, шарт түзүлсө деген тилек. Баардык реформа аткаруудан көз каранды. Андыктан министрликтин жетекчилиги аркасында жакшы иштердин өтөсүнө чыгабыз деп ишенем.
Садык Алахан, филология илимдеринин доктору:
-- Алгач аталышы жөнүндө айта кетсек. “Билим берүү министрлиги” деп атаганыбызда туура болмок. Анткени, азыркы мектеп окуучулары билим алышат. А агартуу иши өткөн ХХ кылымдын 20-30-жылдарындагы турмуш чындыгына дал келет. “Агартуу министрлиги” деп президентибизге документтерди ким даярдап берсе да, бир аз туура эмес болуп калыптыр...
Ал эми экинчи министрлик бүгүнкү күндүн талап-мүдөөсүнө жооп берип турат. “Учурдагы талап мүдөө” демекчи, илим менен инновациялык иштердин бир жерге топтолгону да бүгүнкү күндүн зарылдыгы. Бул жагы эң туура болду.
Ал эми кризис жөнүндө айтсак, айрымдарга окшоп “муну да көрөлү” деген ой бул жерде бир аз туура эмес болуп калат. Жогорку окуу жайлар дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде илимий ачылыштардын очогу болуп келген жана улана бермекчи. Демек, жаңы түзүлгөн министрликтин иш аракети менен ЖОЖдук илим да өнүгүп, практикалык жактан пайдаланууга алынат деген үмүттөбүз. Жакшы ой, аруу тилек менен жасалып жаткан ишти колдойлу.
Назгүл Турдубаева, филология илимдеринин кандидаты:
-- Ар бир иштин эки жагы бар, колдой турган жана колдобой турган. Билим берүү жана илим министрлиги деп аталып, билим берүү тармагы чогуу турганда мугалим деген статус менен баардыгы бир каралып калчу. Айлык көтөргөндө эле мектеп мугалимдериники көтөрөлүп, жогорку окуу жайлардын мугалимдеринин статусу билинбей калган. Жогорку окуу жайдын мугалимдеринин статусу такталбаган үчүн мугалимдерге толук кирбей же илимпоз катары да каралбай калчубуз. Бул жагынан жогорку окуу жайлардын өзүнчө министрликке караганы жакшы болду. Буюрса, эми ар бир маселеге өзүнчө маани берип, көйгөй жараткан жагдайларды чечүүнүн жолу табылат деп ойлойм. Анткени, окуу процесстер, аткаруу жүгү жана башка маселелерди чечүүгө билим берүү министрлигинин толук күчү жетчү эмес.
"Азия Ньюс" гезити