“Оппозиция бийликке карата нааразычылыктарын уланта берет”


“Парламенттик шайлоо кандай өттү? Артыкчылыктары жана кемчиликтерине токтолсок...”

Кубанычбек Исабеков, коомдук ишмер:
-- Мындай бурмалоону өмүрүмдө көргөн эмесмин. Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык деген чоң айыл бар. Шайлоо күнү эки жолу сбой берди. Шайлоочулар кезекке туруп, добуш берип аткандардыкы жок болуп калды. Муну кандай түшүнсөк болот? Ошол эле Саруу айылынан мага бир добуш чыкты. Жардамчым ошол жерден. Анын аялы, өзү, агасы, жеңеси, ата-энеси, а жерде эжем, жээндерим, кайын журтум бар. Баары салып чыгышты. Анан бир эле добуш көрсөтүлгөнү эмнеси? Жашаган жеримден уул-келиним, кошуна-колоңдун баары добуш беришти. “0” деп чыгып атат. Анчалык кылбаш керек да... Эми кайсы артыкчылыгын айтарымды билбей турам. БШКдагылар борборлошкон серверди шылтоолоп атышат. Ал аппараттар эбак эле эскирип, жараксыз болуп калган. Сетификаттары жок. Кореянын аппараттарына Кытайдын тетиктерин салышыптыр. Акыры “кол менен санайлы” деп чыгышты. Ал нерсени байкоочулардын катышуусунда ошол жерден, ошол учурда санаш керек болчу. Жеткизип келатканда канчасы бурмаланат, буга ким кепилдик берет?

Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер:
-- Артыкчылыгы – шайлоочу партиялык тизмеде болочок депутатын өзү тикелей шайлап алды. Бул мыйзам ченемди бир кезде “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-намыс”, “Аалам” партиясы киргизген элек. Ал эми кемчилигин айта турган болсок, тилекке каршы, сервердин ачкычы БШКнын төрайымынын колунда. Ошол сервердин сбой бергени Шайлдабекованын кечирилгис катасы болуп калды. Мындай диверсия жасоо менен саясый партияларга эмес, президенттин аброюна шек келтире башташты. Анткени, президент кыргыз элине, дүйнө жүзүнө “таза шайлоо өткөрүп берем” деп убадасын берди да. Ошондуктан серверге кылдат мамиле кылыш керек эле. Шайлоо оюнчук эмес, “техникалык ката кетти” дегидей. Парламенттик шайлоо мамлекеттин тагдырын чече турган саясый иш-чара. Эгер парламент күчтүү болсо, алсыз мамлекеттин ишин көтөрөт, эгер парламент алсыз болсо, күчтүү мамлекетти алсыз кылып коёт. Өкүнүчтүүсү, бул биринчи эле жолу болуп аткан жок. 2000-жылы серверди бузуп, бийликке ыңгайсыздык жараткан партияларды өткөргөн эмес. Экинчи жолу 2007-жылы серверди бузуп, дагы мына ушундай мамиле жасашкан. Эми кийинки жылдарын айтпай эле коёюн, кайталанып эле келатат. Серверди ITшник башкарат, ачкычы бир гана адамда. Канча жолу шайлоодо мыйзам бузуулар, акыйкатсыз, адилетсиз өткөнү бу жолу да кайталанды. Ошого карабай Нуржан Шайлдабекова жазасыз калып, бизде саясый туруктуулук болбой келүүдө.

Бектур Асанов, коомдук ишмер:
-- Бу жолку шайлоонун артыкчылыктары бар, моюнга алыш керек. Шайлоо жаңы система менен өттү. Партияга, анын ичинде талапкерлерди эл өзү ишмердүүлүгүнө, кадыр-баркына жараша аныктап, тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мындай система дүйнө жүзүндөгү прогрессивдүү мыйзам болуп эсептелет. Муну киргизгени аябай жакшы болду. Ошол эле учурда кемчиликтери да жок эмес. “Шайлоо таза өтөт” деген ишеним бар болчу. Таза өткөн жок. Админресурс пайдаланылды, добуш сатып алуулар далилденсе да шайлоодон четтетилген жок. Болгону эскертүү, анча-мынча айып салууларды эске албаганда, эч кандай өзгөрүүлөр болбоду. Жыйынтыгында, “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” партиялары башка жүздө толугу менен келишти. Ал эле эмес мурдагы “Акжол”, “Алга Кыргызстан” жана Атамбаевдин колтугунда жүрүп, партиясын таштай качып кеткендер бүгүнкү парламенттен орун алышканы жатышат. Шайлоого болгон элдин акыркы үмүтү өчүп баратат. Эгер шайлоону кайра өткөрбөсө, анда оппозиция бийликке болгон нааразычылыктарын уланта берет. Азыр коомдо ушундай чыңалуулар башталды.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











