Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Темир Сариевди каралоонун сыры эмнеде?

Темир Сариевди каралоонун сыры эмнеде?

22-апрель, 18:12
830 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акыркы күндөрү соцтармактардан Темир Сариевди каралоо кампаниясы жүрүп атканына кызыгып көрсөк, баягы эле кызганыч, көралбастыкка барып такалды. “Акча кайда?” деп кыйкырышат. Көрсө, 2010-жылдагы банк кутучаларындагы каражаттар жөнүндө кеп болуп атыптыр... 

Телефондогу сүйлөшүүдөгү ал акчаларды кийин бир эмес, бир канча жолу укук коргоо органдары текшеришип, эч кандай миллиондор урдалбаганы айкындалган. Факт, документтер жүзүндө баары ыраатка түшүп, мыйзамсыз аракеттер болгон эмес. Эгерде Темир Сариев жеп алса, агездеги УӨ курамында тирешип турган оппоненттер ачыктап салышмак, туурабы? Ал эми интернеттеги баарлашууну ыңгайына жараша кесип алышып, саясый оюнга, кыйкым издөөгө пайдаланууда. Натыйжада, мындай көз будамайлоо менен элдин башын айлантуу суу кечпей калган.

Дагы бир жагдай, Балыкчы-Корумду жолу боюнча да ага жалаа жабышып, кадырын түшүрүүгө аракеттер болуп келет. Темир Сариев премьер-министрликтен кеткенден кийин УКМК, башкы прокуратурада атайын иликтөө иштери жүрүп, сары изине түшүү менен илинчек издешкен. Бир канча ай текшеришкен, ондогон күбөлөрдү чакырышып, кир сыккандай катуу сурактарды жүргүзүшкөнүн билебиз. Айтылган “миллиондор” жалган жалаа катары тастыкталган. Тилекке каршы, Темике таза чыгып, кыянаттык кылууга ашыккандардын тилектери таш кабышканы ырас! 

А эмне үчүн азыр бир жактуу жамандоого өтүп алышты? Себеби жөнөкөй. “Сариев өкмөт башчы болуп кетпейби? Же радикалдуу оппозицияга аттанбайбы?” деген гана бүшүркөө, коркуу сезимдери менен алдын ала баткак чачыратып салууга ашыгышууда. Бийликте бузукулар көп, бирок алардын максаттары маарага жетпейт...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер