Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жетимишке таяп калган чоң апа жигитине мактанып...

Жетимишке таяп калган чоң апа жигитине мактанып...

20-октябрь, 12:34
773 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түркиядан кийим алып келип сатам. Базарда контейнерим бар. Таң эрте жумушка чыгып, түн жамынып калганда үйгө келем. Баардык күндөрүм окшош, эс алуу деген жок. Базарда отуруп түрдүү адамдарды көрөсүң. Бири келип эркелесе, экинчиси кыялын көрсөтүп чатак салат, үчүнчүсү бетиңе акчасын такап башкарып кирет. Товар өтүш керек, айла жок анысын дагы көтөрөбүз. Жакында жүрөгүмдү жылыткан, өмүр бою эсимде кала турган сонун окуя болду. Өзүмчүл болгум келбей, силер менен бөлүшүүнү чечтим. 

Чак түш. Бейкапар эки жакты карап лагман жеп отургам. Бир маалда проходдун башынан жетелешип келаткан абышка-кемпирге көзүм түштү. Дароо “булар кыргыздар эмес болуш керек” деп мойнумду создум. Кыргыз эле жубайлар экен. Эки жакты карап, жай басып келатышты. Арабачы баланын «жол, жол» деп келатканын көрүп, абышка кемпирин өзүнө ыктай кучактады. Арабачы өтүп кеткиче кучагынан коё берген жок, бул арада чекесинен өөп койду. Дене-боюм «дүр» дей түштү. Кандай гана сонун көрүнүш! Лагманымды унутуп калыпмын, бир кашык оозанып алайын деп көңүлүмдү тамакка бурдум. «Саламатсыңбы кызым», башымды көтөрсөм, экөө маңдайымда турат. Чайнап бүтө элек этимди жутуп, май болгон оозумду колум менен сүртүп жибердим. «Келиңиздер, өтүңүздөр», шашкалактап эмне кылышты билбей калдым.

-- Менин сулуума көйнөк издеп жүрөбүз.

-- Кандай көйнөк, жөнөкөйбү же?..

-- Уулубуздун тоюна кийип барганга.

«Вечерний» көйнөктөрдү көрсөтө баштадым. Апа улам бир көйнөк кийип чыккан сайын абышкасы «жакшы экен, артты қарасаң, ары бассаң, айлансаң» деп суктанып жатты. Кайдан-жайдан коңшу контейнердеги кыздар келе калды. Көрсө, алар дагы баарын байкап турган экен. Төрт-беш кыз чогуу көйнөк тандаша баштадык. Бир убакта чоң ата коробкадагы шубаны көрсөттү.

-- Бул эмне кызым?

-- Кечээ келген кышкы товар, сатыкка алып чыга элекмин.

-- Көрсөк болобу?

-- Болот.

Кымбат шуба болчу. Чоң апага кийгизсек, сонун болуп «отуруп» калды. Чоң ата сүйүнгөнүнөн колун чаап жиберди.

-- Муну дагы алып ал.

-- Жок, кымбат экен…

-- Баасын ойлобо, карачы сонун жарашты!

-- Көйнөккө эле келбедик беле?

-- Экөөнү тең ала беребиз.

-- Тим эле коёлу...

-- Гүкүш, сага сонун жарашты, ала берели.

Акыры чоң ата жеңди. Чоң апа сүйүнүп күзгүгө каранып жатты. Ага кошулуп биз бактылуу. Ошол учурда бизди карап, «көрдүңөрбү кыздар, жигитим сонун бекен? Силерге дагы ушундай жигит буюрсун»! Баарыбыз «айтканыңыз келсин» деп бата кылып жибердик. Экөө көйнөк менен шубаны алып, ыраазчылыгын билдирип, кол кармашып жөнөп кетишти. Суктанган боюнча артынан узатып калдык.

bilesinbi.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер