Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ренат Самүдинов: “Өзгөрүү үчүн план түзүп, анан бульдозердей иштөө зарыл”

Ренат Самүдинов: “Өзгөрүү үчүн план түзүп, анан бульдозердей иштөө зарыл”

20-март, 14:22
864 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ренат мырза, акыркы убактарда шык берүүчү жакшы кеңештерди берип жүрөсүң. Адам кырк жаштан өткөндөн кийин ийгилик жаратууга мүмкүнбү?

-- Адам аракет кылса, 40 эмес 60-70 жашында ийгиликтерге жетише алат. Эң негизгиси, өзүнө ишенүү, максатын так аныктоо жана ошол багыттан маалымат алып, алдыга умтулуу керек. Биздин кыргыздардын эң чоң көйгөйү – эрте менталдык карып алуу. 35-40ка чыгып эле өзүнүн жашоосун “бүттү” деп карылыкка умтулуп, баш ийип калат. Дүйнө жүзүндөгү статистиканы карасаңар, көбүнчө адам 40тан ашканда ийгиликтерге жетишет. 40 жашта адам оюн токтотуп, жашоого жалтырак-калтырагы жок карап калат. Ийгиликке жетүүдө адам үчүн 40 жаш эң туура убакыт. 

-- Калыптанган жашоодон кантип өзгөрсө болот? Мындан ары соцтармактардан жарыялап тура турган пост, видеолор эмне тууралуу болмокчу?

-- “Өзгөрөм” деп өзүң менен сүйлөшүп, өзүңө сөз беришиң керек. Андан соң деталдуу план курушуң зарыл. План түзүлгөн соң эч жакка кылчактабай, бульдозердей болуп ишке ашыра башташың керек. Ишке ашып жатканда анча-мынча каталарга көңүл бурбай, оңдоп-түздөп алып, аягына чейин ишке ашырышың шарт. Эч нерсе сени токтото албашы керек. Ошол курулган план убакыт менен да чектелиши шарт. Убакыттан уттурбоого өтө дыкат көңүл бурулсунЭми мен жарыялай турган постор: АКШда кантип бизнес алып барса болот? Кандай өзгөчөлүктөрү бар? Эмнеге көңүл буруш керек? Ошолор боюнча жана мотивация берүүчү кеңештер да болуп турат.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер