Акыркы кабарлар
22:58
» Саясат » Украина салгылашууларда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жатат
Украина салгылашууларда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жатат
01-июнь, 19:10

Куралдуу кармаштарда Украина күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Newsmax америкалык интернет басылмасына берген интервьюда билдирди.
“Украинанын чыгышындагы абал абдан татаал. Күнүнө алтымыштан жүзгө чейин жоокерибиз окко учуп жатат, 550 чактысы жарадар болууда. Коргонуу позицияларыбызды кармап турабыз” деп айтты Зеленский.
Согушкан тараптар өз жоготуулары тууралуу маалыматты сейрек ачыкка чыгарат. Россиянын коргоо министрлиги мартта 1 миң 531 аскери каза тапканын билдирип, ошондон бери маалымат жаңылана элек.
Апрелдин ортосунда Зеленский CNN телеканалына курган маегинде Россия басып киргенден бери 2,5-3 миң украин жоокери набыт болгонун, он миңдейи түрдүү жараат алганын айткан.