Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дамира Ниязалиева: “Бизге вирустун агрессивдүү эмес “L” формасы келген, бирок бул да коркунучтуу”

Дамира Ниязалиева: “Бизге вирустун агрессивдүү эмес “L” формасы келген, бирок бул да коркунучтуу”

06-июнь, 22:20
3 130 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-саламаттыкты сактоо министри менен маек

-- Дамира айым, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү коронавирус бар экенине ишенбей атышат, ушул боюнча сиздин оюңуз?

-- Тилекке каршы, дүйнө жүзүндө, анын ичинде биздин Кыргызстанда  коронавирус инфекциясы бар экенине ишенбей аткандар жок эмес. Бул абдан кейиштүү жагдай. Так ошол ишенбегендер илдетти тараткан булак болушу да  мүмкүн. Бүгүн дүйнө жүзү боюнча 200дөн ашуун мамлекетке тарап, инфекция жугузуп алгандардын саны 6 миллиондон ашты. Анын ичинен 370 миңден ашык адам каза болду. Бул сандар оюнчук эмес да. Ар кандай маалымат булактардан “коронавирус жок, бул жалган” дегендерди укпаш керек.

-- Жаман илдет менен тыкыс иштеп аткан адистердин айтымында, “биздин өлкөгө жеңил формасы келиптир” дешүүдө, буга эмне дейт элеңиз?

-- Окумуштуулар бул илдеттин үстүндө тынымы жок иштешүүдө. Алардын айтымында, Европа өлкөлөрүнө агрессивдүү вирус келип, өлүмгө учурагандардын саны 169 миң, Америкада 100 миңден ашты, ал эми Азия өлкөлөрүндө кыйла төмөн болуп, 10 миңдей экени айтылууда. Биздин өлкөбүзгө вирустун жеңилирээк, өтө агрессивдүү эмес “L” формасы келип, илдет жеңил жагдайда өтүп атканы тууралуу маалымат бар. Туура, окумуштуулар коронавирустун “L” жана “S” формасы бар экенин айтышууда. Анткен менен ар бир өлкө өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша, билим, илим деңгээлине таянып изилдеп аткан кези. Менимче, убакыт-сааты келгенде баарына илимий аныктоо берилет. “Аа кокуй, бизге жеңили келген тура” дештин да кереги жок. Коркунуч бар! Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму талап кылган үч эрежени сактоо зарыл: биринчиси, эч бир зарылчылыгы жок көчөлөп кетүү, адамдар көп чогулган жерге барбоо жана сөзсүз 1,5-2 метр аралыкты сактоо. Экинчиси – беткап кийүү жана үчүнчүсү – колду самын менен тынбай жууп туруу керек же антисептик менен обработка кылып туруусу абзел. Мына ушул үч эрежени бассак-турсак эстен чыгарбайлы. 

-- Кыргызстанга чет мамлекеттен келген ПЦР анализин аныктоочу тесттерге сиз канчалык ишеним артасыз? Бу жерде кандайдыр бир мүчүлүштүктөр байкалганы айтылууда...

-- Дүйнө жүзү боюнча вирусту аныктоочу метод катары ПЦР (полимеразная цепная реакция) анализи тесттери алынып атат. Экспресс тестке караганда кыйла жогору пайызда аныктайт. Бирок, ошол эле учурда биздеги тесттерди Лондондун референс-лабораториясына текшерүү максатында жибергенде, 75-85% так чыгары аныкталып, калган 15-25%ы техникалык ката катары табылган. Бирок мындай көрсөткүч уруксат берилген норма болуп саналат. Жыйынтык так болуш үчүн 3-4 жолу анализ жасоо зарыл.  

-- Таажы вирусунун экинчи толкуну күздө келери айтылууда. Эгер келип калса, биздин мамлекет буга даярбы? 

-- Карантинге алынгандан кийин, тилекке каршы, биздин элибиз такыр эле бейкапар жүрүшөт. Жанагы эрежелерди колдонгон кишилер бирин-серин. Эл арасында жүрүп ушуларды байкап, “эмнеге адамдар өздөрүн ойлошпойт?” деп аябай тынчсызданып атам. Ушундан улам сиздердин гезит аркылуу кайрылып кетким келет. Албетте, бизде “сактансаң сактаармын” деген сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, беткап, колкап, антисептик, санитардык эрежелерди так сактап, эки адамдын ортосу бери дегенде эки метрден кем болбосун (!) деп суранып кетет элем. Ал эми экинчи толкуну жөнүндө коронавирусту изилдеп аткан илимпоздор жайдын аягы, күздүн баштапкы айларында кайрылып келе турганын божомолдошууда. Ансыз да күн салкындаган мезгилде сезондук сасык тумоолор пайда болуп баштайт. Мындайда биздин өлкө четте калбайт эмеспи. Буга эмитен баштап эле кам көрүп баштаганыбыз туура. Ооруканалардын баары бейтаптарга керектүү орундарды, керектүү жабдууларды, дары-дармектерди, коргоо кийимдерин дайындоо кажет. Экономикалык жактан өкмөтүбүз жеке ишкерлерге шарт түзүп, кризистен тез аранын ичинде чыгуу жагын алдын ала ойлонуштуруу керек. Күзүндө вирус кандай мүнөздө: күчтүү, агрессивдүү жагдайда келеби, эгер андай учурда карантин киргизгенге туура болобу, же ансыз эле жеңил чыгабызбы (?) деп, “жаман айтпай жакшы жок” дегендей, эң жаман жагдайга даяр турганыбыз оң. 

-- Бул илдетти жеңсе болобу? Эгер болсо кандай учурда?

-- Таажы вирусунун коркунучтуу болуп атканы – вирусту так өлтүргөн дары жана илдеттен сактай турган вакцина азырынча жок. Бирок, медицина симптомдорун дарылоо менен көптөрүн сакайтып атышат. Жыйынтык адамдын иммунитетине жана ден соолугунун деңгээлине жараша болот. Кээ бирөөлөр илдетти жугузуп алып, кадимкидей эле жүрө беришет (безсимптомный). Ушул категориядагы адамдар көбүнчө илдетти жугузган булак болушат. Ар бир ооруну канчалык эрте аныктап дарылоону баштаса, ошончолук сакайып кетишине чоң мүмкүнчүлүк болот. Ошон үчүн азыр баардык аракетибизди “скрининг” (комплекстүү) тестирлөөнү өткөзгөнгө жумшаш керек. Жалпы элибизди болбосо да “тобокел” группасындагы адамдардын баарын тестирлөө зарыл. Ушул ыкма менен илдетти токтотсо же кайсы бир деңгээлде азайтса болот. 

-- Россия мамлекети “коронавирустун вакцинасы үстүндө иштеп атабыз” дегендей болушту, ушуну уга алдыңызбы?

-- Ооба, Россия мамлекети 47 вакцинанын үстүнөн иштеп атып, анын бирөөсү жакшы жыйынтык берип атканын жана клиникалык жактан изилдөөлөрдү өтүп атканы белгилүү болду. Бул коомчулук үчүн мыкты жаңылык! “Күз башында вакцинацияны баштайбыз” деп жар салышты. Албетте, Россия биздин өнөктөш мамлекеттердин бири. Мамилелерибиз да жылуу. Эгер чындап эле Россия вакцинасын таап калса, бизге биринчилерден болуп жардам берерине ишенебиз. Бирок үмүттөнүп отура бербей, өзүбүз да колдон келген аракеттерди кыла берүүбүз керек.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер