Экс-министр Кашкар Жунушалиев Бишкекте жүрсө да кармалбайбы?

2020-жылдын 4-5-октябрь күндөрүндө митингге чыккан элди Кашкар Жунушалиев милиция аскерлерине аттырып, ондогон адамдарды оор жаракат алдырып, шорлоткон. Буту-колдорунан, көздөрүнөн айрылгандар арбын эле. Үмүтбек Акүйдүн астынан окко учкан. Мындан сырткары, Кой-Таш окуясында Жунушалиев менен Опумбаев жүздөгөн элеттиктерди сабатып, канабайрам салгандай кордошкону маалым. Эмне үчүн бул эки эргулду мыйзам чегиндей жазалашпайт? Коомчулук күтүп атат. Айрым булактар билдиргендей, Кашкар Бишкекте эле беткап тагынып, кепканы баса кийип алып жүргөнү айтылууда. Же расмий органдар айтпайбы, “Жунушалиев менен Опумбаевдин кылмыштары жок, биз аларга тийбейбиз” дешип. Тилекке каршы, минтип да билдирүү жасай алышпайт. Себеби, булар эртеби-кечпи киши өлтүрүү, зордук-зомбулук жасашканы үчүн соттолушат!
"Азия Ньюс" гезити