ИИМдин бакыйган башкармалыгын Оролбек Акпаров ойрондогону калды
Ушундай. ИИМдин СКМ начальниги Оролбек Акпаровго өздүк курам нааразы. Бул кадрдын профессионалдык тажрыйбасы жетишпейт экен. Ошонун айынан соңку убакта кылмыштуулук арбып, статистика асман чапчып атат. Профилактикалык иштерди жүргүзбөгөнү, алдын алуу демилгелерди уюштура албаганы, курсагын сылап эле кабинетинде отурганы кыжырды кайнатууда. Албетте, мындай кадр жалпы ИИМге көлөкөсүн түшүрүп атканы жашыруун эмес. Оролбек Акпаровдун кол алдындагы жетекчи, кызматкерлери деле сыйлабай, өз ара калганда мыйыгынан жылмайышып, анын кемчиликтерин санап отурушканы талкууга алынууда. Эмне кылуу керек? Күзүндө парламенттик шайлоо, акылга сыйгыс күрөштөр, саясый кагылышуулар кызыйт. Мындай шартта кылмыштуулукка каршы күрөшкөн башкармалыктын начальниги Оролбек очорулуп отурса, аягы жакшылык менен бүтпөйт го?..
"Азия Ньюс" гезити