Лариса Асанбекова, акын: “Орду толбогон нерсени эстегенде эмне?”
-- Эже, кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы?
-- Жакшы, Кудайга шүгүр.
-- Өткөндө сиз экөөбүз машинаңыз менен көлгө чогуу барбадыкпы. Бишкектен көлгө жеткиче обондуу ырларыңыз жаңырып барды радиоңуздан. Канча ырыңызга обон чыкты эле?
-- Билбейм, санаган эмесмин. Илгери бир санаганымда 100дөн ашуун болчу.
-- Сиз оор басырыктуу, чыдамкай жансыз, дайыма эле алданып басып жүрөсүз. Бирок, кабагым-кашым дебейсиз. Кечирип коюп, жаркылдап жүрө бересиз. Бул касиет каяктан келген?
-- Ата тарабыман дагы, эне тарабыман дагы келген го. Эки саяктын кошулмасымын.
-- Супер саяк турбайсызбы?
-- Ооба, супер саякмын. Атамдар бай болгон. Кулакка тартылып, Украинага айдаларда бүт малын колхозго өз ыктыяры менен өткөрүп берип, кийин өз жылкыларына өзү жылкычы болгон экен.
-- Сиз “Асман-пресс” гезитин түптөгөнсүз, ар кайсы мезгилде көптөгөн редакторлор келип кетишти. Мен билгенден ошолор “ары тур” десе ары туруп, “бери тур” десе бер туруп, бир тыйын пайда көрбөй иштеп жүргөнүңүздү билем. Ээси сиз эместей...
-- Өз жылкысына жылкычы болгондойбу?
-- Ооба (күлдүк). Эже, баладай ишенчээксиз. Өзүңүз да алдайсызбы?
-- Жок, эмне кереги бар алдап? Бул эң жаман сапат.
-- Алдагандарды кечиресизби?
-- Ооба, орду толбогон нерсени эстегенде эмне? Кечирип коюп, жашай берем.
-- Үйүңүздү канча жолу алдаттыңыз?
-- Үч жолу.
-- Ошондо да эсиңизге келбедиңизби?
-- Эми келдим окшойт. Айла жоктон келет экенсиң.
-- Азыр каякта жашап жатасыз?
-- Уулумдукундамын. Азырынча...