Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улам келген бийликке тап берип, саясатта сынбай келаткан Кубаныч Кадыров

Улам келген бийликке тап берип, саясатта сынбай келаткан Кубаныч Кадыров

19-май, 17:04
778 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Алмазбек Атамбаевдин доорунда Кубаныч Кадыров бийликти кулатууга шектелип, Бектур Асанов экөө камалып кеткен. Кийин “кемпирабадчылар” менен кошо абакка түшүп, ажого карата катуу сын-пикирлерди айтып жүрдү. Былтыр күздө Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев жана башкалар камалганда да Кубаныч Кадыров түрмөгө кирип кетти. Кайра тез эле эркиндик эшиги ачылып, саясый иш-аракетинен баш тартпай шугулданып жүрөт. Үй камагында болгонуна карабай жакында Садыр Жапаровго кирип чыкканы айтылды. Негизи Бакиев режиминен бери алганда, каарманыбыздын башынан оор сыноолор, кыйын күндөр көп эле өттү. Санап отурсаң сөз арбыйт, өзүнчө томго сыйарлык. Эң башкысы, саясаттын бороон-чапкынында канча ирет калса да сынган жок. Бул жагынан жогору баа берсек жарашат. Бирок... “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, улам келген бийликке жакпай калып, четке сүрүлүүдө. Болбой эле Кубаныч Кадыров кезеги менен президенттерге тап берип, айласын кетирип келатат. Баракелде! 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер