Улан Ниязбеков, министр: “Быйыл дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 24-орунга чыгып, алдыңкы коопсуз өлкөлөргө кошулду”


-- Улан Омоканович, жакынкы күндөрү ИИМдин 101 жылдыгы белгиленгени турат. Мааракеңиз менен куттуктайбыз! Бул дата кандай жетишкендиктерди, өзгөчөлүктөрдү тартуулайт?
-- Кыргыз милициясынын майрамы жалпы элдик майрамга айланып баратканы биздин мезгилдин мыкты көрүнүштөрүнүн бири десем болот. Куттуктооңузга терең ыраазычылык билдирем. Быйыл кыргыз милициясы жаңы кылымдын алгачкы тепкичин басып, 101 жылдыгын белгилегени турат.
Өткөн жылы 1-ноябрда кыргыз милициясынын кылым толгон мааракесин чоң салтанат менен белгилегенбиз. Кыргыз Республикасынын президенти – куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарага катышып, кыргыз милициясынын өздүк курамын 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, биздин алдыбызга коомдук тартипти күчөтүү тапшырмаларын койгон. Анда: “Милиционерлер коопсуздукту камсыз кылуу үчүн ар күнү өмүрүн тобокелге салып келишет. Өлкөбүздү ар түрдүү коркунучтардан жалтанбай коргоп, кыйынчылыктардын курчоосунда калса да, берген антты абийирдүүлүк менен аткарып, чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүшүүдө. Коомдук түзүлүштүн өзгөргөнүнө карабастан, калыстыктан тайбай, милдеттерди так аткарган тартип сакчылары калың элдин алкышына татыктуу. Бүгүнкү күндө адилеттүүлүктү иш жүзүнө ашырып келе жаткан мамлекеттик органдардын бири – ички иштер органдары болуп эсептелет. Ошондуктан, күн сайын аткарып жаткан милдетиңиздерде калыстыктан тайбаңыздар. “Эл сакчысы” деген ардактуу атты – сиздерге болгон элдин ишенимин бийик кармап, ошол ишенимге ширелген вазийпаны так аткарыңыздар! Элибиздин тынч жашоосуу үчүн жан үрөгөн эмгегиңиздер, өлкөбүздүн туруктуулугунун жана коопсуздугунун негизин түзөрүн эч качан эсиңиздерден чыгарбаңыздар!” деген стратегиялык багыттагы тапшырмасын турмушка ашыруунун заманбап дүйнөлүк деңгээлдеги коопсуздук системасына интеграциялоо багытында иштеп жатабыз. Анткени эл аралык алкактагы кылмыштуу чакырыктарга биз дагы татыктуу жооп беришибиз керек.
Кыргыз мамлекети улам жогорку ийгиликтерге умтулуп, бийиктиктерди багынтып жатканда, кыргыз милициясы да бул ыргактан калбастан жаңы аракеттин, жигердүү демдин, алгылыктуу максаттардын коштоочусу катары мамлекетибизде коопсуздукту көздүн карегиндей сактоого баардык долбоорлорду, программаларды иш жүзүнө ашырууга багыт алып келет.
Биз мезгил закымынан калышпай жаңыланып, ар кандай жаңы жагдайларга, кырдаалдарга адистешип, убакыттан артта калбай иш алып барып, өздүк курамдын тажрыйбасын арттыруу, билим казынасын толтуруу, учур тамырын кармай билүү өңдүү мыкты сапаттар менен алдыга умтулуп жатабыз.
Кылым толуп, жаңы доорго кадам салган 101 жыл милиция кызматкерлерине оор сыноолор менен бирге ийгиликтүү жылдарды алып келди. Албетте, коомдун тынчтыгын сактоодо жоготуулар болду. Өлбөстүктүн өжөр эркин талашып, кызмат учурунда өз милдетин өтөп жатып мекен тынчтыгы үчүн канчалаган милиция кызматкерлери каза табышты... Өз өмүрлөрүн өлкөнүн бейпил турмушу, жарандардын жаркын жашоосуна арнаган эр жүрөк кызматкерлерибизди эч качан унутпай, эскерип туруу жана келечек муундарга бул элести татыктуу өткөрүп берүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат.
-- Жалпы милициянын өсүп-өнүгүүсүн, элге кызмат кылуудагы артыкчылыктарын кандай негиздер менен белгилесек болот? Бул жагынан көзгө толумдуу жетишкендиктерге токтоло кетсеңиз?
-- Ички иштер министрлиги акыркы беш жыл ичинде укук коргоо чөйрөсүндө коюлган милдеттерди чечүүнү камсыз кылды жана коомдук тартипти коргоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, калктын коопсуздугун камсыз кылууга, жарандардын тынч, туруктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган бир катар олуттуу иш-чараларды өткөрдү.
Милиция кызматкерлеринин эмгегин баалоо, алардын кызматтык милдеттерин аткаруусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү жана эл менен болгон тыгыз кызматташтыкты чыңдоо максатында, өлкөбүздүн баардык аймактарында бир катар социалдык, кызматтык мааниге ээ заманбап объектилер курулуп, пайдаланууга берилүүдө. Бул жаңы имараттар милициянын гана эмес, жалпы коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-аракеттердин ачык далили катары саналат.
Мамлекет башчыбыздын колдоосу менен акыркы беш жыл ичинде милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасын жогорку деңгээлге көтөрө алдык. Ички иштер органдарында 400 имарат толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, анын ичинде 150 жаңы имарат курулуп ишке берилди, натыйжада, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, кылмыштуулуктун алдын алууга мыкты шарттар түзүлдү.
2020-жылга чейин ички иштер органдары кийим-кечек менен 59% камсыздалып келсе, 2021-жылдан баштап 100% камсыздалды. Ички иштер органдарынын автопаркы 90% жаңыланып, баардык талаптарга жооп берген 1300гө жакын автоунаа жана күжүрмөн аскердик техника алынып, ишке киргизилди. Кызматкерлердин айлык маянасы эки эсе, ал эми Баткен жергесиндеги кызматкерлердин айлыгы төрт эсеге жогорулады. Он беш, жыйырма жылдап убактылуу батирде жашаган кызматкерлерге үйлөр берилди. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 300гө чукул үй-бүлө жаңы конуштуу болушту. Кызматкерлер боди-камералар менен 70%га, планшеттер менен 95%га, атайын байланыш каражаттары менен 80%га камсыздалды. Мына ушундай талыкпаган чоң аракеттердин, күжүрмөн эмгектердин натыйжасында, мамлекетибиз коопсуз өлкөлөрдүн катарына кошулуп, 2020-жылга чейин коопсуздук боюнча дүйнө элдеринин арасында Кыргызстан 71-орунда турса, быйылкы жылы 24-орунга чыгып, алдыңкы коопсуз өлкөлөрдүн катарын толуктады.
Ички иштер министрлиги өлкөдөгү коопсуздукту сактоо боюнча өзүнүн ишин айкын жаңы көз караштагы программалардын жана анализ жүргүзүлүп аныкталган концепциялардын негизинде жүргүзүүдө. Тартип сакчылары коомдук коопсуздукту, укуктук тартипти сактоого жөндөмдүү жана өзгөчө ыкчам болушу шарт. Анткени, мезгил талабы ушундай. Ошондой эле коомчулук менен кызматташтыкты бекемдөө, дайыма элдин ишениминде болуу – бул бүгүнкү жаңылануу процессинин өзөгү катары эсептелет.
Кыргыз милициясы өз ишмердүүлүгүн заманбап деңгээлде жүргүзүп, калкка сапаттуу сервистик кызмат көрсөтүү, антына бекем турган билимдүү, тажрыйбалуу кадрларды даярдоо, кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө ар тараптуу шарт түзүү, милициянын жаңы заманбап образын жаратуу, ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылууда кылмыштуулуктун алдын алуу, ага каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүү, элдин милицияга болгон ишенимин көтөрүү менен милициянын санариптешкен системасын эң жогорку деңгээлге жеткирүүнү максат кылып, алдыга карай ырааттуу жолдо, бийик максатта иштеп жатабыз жана бул багытта ийгиликтерибиз бар экендигин да баса белгилейбиз.
-- “Коопсуз өлкө” долбоорун толук кандуу ишке ашыруу кечеңдеп жаткан жокпу? Каржы маселеси жетиштүүбү?
-- Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруунун маселелери жөнүндөгү” жарлыгына ылайык ички иштер министрлиги “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентинин ишке ашырылышын координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталган. Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” автоматташтырылган маалыматтык системасын иштетүүнү ырааттуу түрдө жүргүзүп келүүдө.
Алсак, 2019-жылдын 4-мартынан тартып “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу алкагында республикада жол кыймылынын эрежелерин бузууну аппараттык-программалык комплекстер менен аныктоо башталган. 2025-жылдын тогуз айынын ичинде эле аппараттык-программалык комплекске күнү-түнү анализ жана байкоо жүргүзгөн мониторинг борборунун кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу жөнүндө 1 миллион 811 миң 695 токтом чыгарылган, ошондой эле жалпы суммасы 610 миллион 274 миң 200 сом айып пулдар төлөнгөн.
Учурда аталган долбоорду сапаттуу жүзөгө ашыруу максатындагы мыйзамдарга толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргиздик. Эми айып пулдарды жеткирүү мамлекеттик электрондук кызматтар порталы, мобилдик тиркемелер, электрондук почта жана SMS-билдирүүлөр аркылуу ишке ашырылат. 2019-2024-жылдары укук бузуулар жөнүндө токтомдорду басып чыгарууга, конверттөөгө, жеткирүүгө бюджеттен 95 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Электрондук билдирүүлөргө өтүү бул чыгымдарды кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет жана документтерди тапшыруу боюнча талаш-тартыштардын санын азайтып, айкын ачыктыкты камсыз кылат.
Долбоордун ишке кириши эч кандай кечеңдеген жок. Этап-этабы менен ырааттуу ишке ашырылып келе жатат десем жаңылышпайм. Биз учурда “Коопсуз өлкө” долбоорун айылдан районго, райондон облуска, облустан республикалык борборго чейинки коопсуздукту камсыз кылуу багыттарын ишке ашырууну колго алып жатабыз. Каржы жагынан эч кандай маселе жок, баардыгы жетиштүү. Биз бул долбоорду иш жүзүнө толук кандуу ашырабыз.
-- Өлкөдөгү кылмыштуулуктун алдын алууда, азайтууда ИИМдин быйылкы аракеттеринде өзгөрүүлөр барбы?
-- Кылмыштуулуктун алдын алуу, аны болтурбоо жана жасалган кылмыштардын бетин изи сууй элек ачуу багытында да иштер үзгүлтүксүз жүрүүдө. Калкыбызды кылмыштуу кол салуулардан коргоп, ар түрдүү резонанс жараткан окуяларга бөгөт коюу максатында өздүк курам күнү-түнү ыкчам иштерин улантып келүүдө, ошондой эле өлкөбүздүн баардык аймактарына 4 миңден ашуун видеокамералар орнотулуп, күнү-түнү мониторинг жүргүзүү ишке ашырылды. Мына ушундай комплекстүү аракеттердин аркасында акыркы беш жылда кылмыштуулуктун катталуусу 69%га азайып, одоно тартип бузуулар 68%га төмөндөдү. Кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо тажрыйбасы жандандырылып, анын натыйжасында катталган оор, өтө оор кылмыштар да төмөндөөдө. Ички иштер органдары жарандардын диний радикалдашуусуна, алардын экстремисттик жана террористтик топторго тартылуусуна бөгөт коюу максатында калктын диний сабаттуулугун жогорулатуу боюнча тийешелүү иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Анын натыйжасында экстремизмди жайылтуу боюнча 2 миңге чукул фактылар аныкталып, диний-экстремисттик мазмунду камтыган 13 миңге чукул материалдар алынды.
Өлкөбүздүн баардык аймактары видеокөзөмөл камералары менен камсыздалып, кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук коопсуздукту чыңдоо иштери жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Жакынкы аралыкта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн-түз колдоосунун негизинде видеокамералардын саны 20 миңге жеткирилет.
Ошентип, акыркы беш жыл ичинде чукул бурулуштарды жасаган кыргыз милициясы санариптик ишмердүүлүгү аркылуу алдыга койгон максаттарды мындан ары да ыкчам багындырууга багыт алды. Милиция кызматы коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, анын алдын алуу иштерин тынымсыз жүргүзүүгө милдеттүү экендигин жакшы сезебиз жана билебиз.
-- Алдыда, 30-ноябрда чоң саясый окуяны камтыган парламенттик шайлоо өткөнү турат. Республика моюнча мыйзамдуулуктун, тартиптин сакталышы милициянын көзөмөлүндө эмеспи. Бул багыттагы иштерге алдыртан кандай камылгалар көрүлүүдө?
-- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдуулукту сактоо жана жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча аткарыла турган иш пландар бекитилди. Шайлоо процессинин башталышы менен ИИМдин ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу өз ишмердүүлүгүн баштады.
Ички иштер министрлиги үгүттөө жана шайлоо мезгилинде тартипти, мыйзамдуулукту сактоо, добуш сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга, коомдук тартипти бузууга жол бербөө багытындагы ишмердүүлүгүндө укук бузууларга мыйзам чегинде кескин катуу чараларды көрөт. Милиция саясый иш-чараларга катышпайт, биздин милдет шайлоо учурунда коомдук тынчтыкты бекем сактоо, ар кандай тартип бузууларга жол бербөө болуп саналат. Республиканын аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында ар бир шайлоо округуна ИИМдин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери бекитилди.
Учурда ички иштер министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп келүүдө. Эл кимди мыкты деп тандаса, ошол мыктылар гана Жогорку Кеңешке келиши керек, демек, тандоо элибиздин колунда. Алардын айткандары менен программалары куру убада эмес, татыктуу максат, таза ниет катары Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүшүнө арналышы керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда өлкө боюнча 15 миңге чукул кызматкерлер тартип сактоо багытында күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.
Сөзүмдүн аягында айтарым, мезгилдин ар кыл кыйынчылыктарына карабай тагылган милдеттерин татыктуу өтөп жаткан кыргыз милициясынын эр жүрөк кызматкерлерине, элибизге эмгеги сиңген ардагерлерибиздин үй-бүлөсүнө ырыс-ынтымак, бакыт-таалай, бекем ден соолук каалайм! Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!
Суроо салган Асланбек Сартбаев
«Азия Ньюс» гезити











