Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Казакстанда карантиндик эрежелер күчөтүлүүдө

Казакстанда карантиндик эрежелер күчөтүлүүдө

21-декабрь, 17:44
1 060 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Казакстанда коронавирус илдетине байланыштуу кайрадан карантиндик чаралар күчөтүлүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, карантин 25-декбрдан 5-январга чейин күчөтүлөт.

«Жекшемби күнү премьер-министр Аскар Мамин Казакстанда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча мекемелер менен жыйын өткөрдү. Өлкөнүн Атырау, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Акмола облустары илдеттин жогорку жана орто тобокелдик чегинде турганы айтылды. Ошондой эле январь-февраль айларында курч респиратордук вирустуу инфекциялардын фонунда коронавирус (КРВИ) күчөшү мүмкүндүгү эскертилген» деп берилет маалыматта.

Премьер-министр 2020-жылдын 25-декабрынан 2021-жылдын 5-январына чейин көңүл ачуучу, спорттук жана башка массалык иш-чараларга, анын ичинде жаңы жылдык кечелер менен майрамдык корпоративдерге тыюу салынарын жарыялады.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер