Түрмөлөрдө Камчы Көлбаевдин системасы сакталып калдыбы?
Кызык эле. Камчы Көлбаевди атып өлтүрүшкөндөн кийин түрмөлөрдөгү атмосфера өзгөрбөй, мурдагыдай эле системанын иштегени ыраспы? Айрым “смотрящий”, “положенецтер” алмашканы менен баягыдай эле башкаруу күчүндө калып, тартипти сактоо эрежелери көмүскөдө жүрүп атабы? Союз кезинен бери жабык жайлардын жетекчилери сырткы кароолду көзөмөлгө алышканы менен ички башкарууну толук кандуу камсыздай алышпай, күзөтчүлүк гана милдетти аркалап келишет эмеспи. Ал эми түрмөлөрдөгү жалпы атмосфераны ыраатка салуу – кримавторитеттердин жазылбаган мыйзамдарына жараша өнүгүп келгени жалганбы? Ошентип, Камчы Көлбаевдин көзү өткөнү менен мурдагы системанын сакталып калганында кандай сыр бар? Бул таризде күч органдарынын атайын адистери ой-жорумдарын айтышы керек.
"Азия Ньюс" гезити