Мен сагынган сүйгөнүм карлыгач – кайненем болуп чыкты...


Нуриет Абдулазиз Фейсбук тууралуу төмөндөгүдөй кызык окуяны баяндаган.
Фейсбукта бир иним бар болчу. Анан эле ФБдан бир туруп чыгып кеткенинен "Эмнеге чыгып кеттиң?" деп сурап калдым.
Ал жигит: "Бир күн Фейсбукка "Оо, кайдасың жаным, сагындым сени" деп пост жаздым, көп өтпөй коменттер, түрдүү смайликтер, жүрөктөр келе баштады. Мурун кийин тааныбаган бир кыз "Мен да сагындым" деп жазды. Анын астына дагы бирөө "Мен да сени аябай сагындым" деп шилтеди, ошол экинчи комментарийге жөн отурбай мен да "Кайдасың карлыгач?" деп жазып бүтөрүм менен келинчегим “чай ичебиз” деп чакырып калды. Дасторконго отуруп, тамакты жеп атсак жооп келди: "Маңдайыңда отурам, бул мен карлыгачың" деп коммент келди. Акырын кызыгып профилин чукуп карасам, маңдайымда конокко келген, чогуу чай ичип олтурган кайненем экен. Өлдүм уялып, жеген тамагым кекиртектен кырылып өтүп жатты. Чай ичип бүтүп кайненем дуба кылды: "Тынч үй-бүлөңөр менен бактылуу жашагыла, айланайын карлыгачтарым..." деп. Ошол болду, Фейсбуктан чыгып кеттим...” деди тааныш иним боорду эзип.
Ошондуктан карлыгачтар абайлагыла!
Aryba.kg











