Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдывахап Нурбаев: “Президентти эл колдоп атса, ал сунуштаган өкмөттү биз да колдойбуз”

Абдывахап Нурбаев: “Президентти эл колдоп атса, ал сунуштаган өкмөттү биз да колдойбуз”

07-февраль, 12:39
1 393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өкмөттүн жаңы курамын кароодо жеке сиз эмнеге көңүл бурдуңуз?

-- Мен ар дайым министрликтердин кыскарышына оң көз карашта болуп келгем. Бул өкмөттүн ведомстволорду 48ден 12ге кыскартышын туура чечим катары кабыл алдым. Анткени, муну менен көптөгөн бюрократиялык иштерге бөгөт коюлуп, коррупциялык жолдор жабылат. Экинчиден, Марипов орто жана чакан бизнести колдоп, анын өнүгүшүнө жол ачарын айтты. Экономиканы жөнгө салууда бул нерсе өтө маанилүү да.

-- Мариповдун өкмөтү өйдө жактан сунушталып, аны каалайсыңарбы-жокпу, колдоп бересиңер деген өңдүү сындар депутаттар тарабына айтылууда...

-- Ооба, Мариповду президент Садыр Жапаров колдоп, сунуштаганын ал өзү деле айтты. Азыркы учурда президентти элдин 80 пайызы колдоп атса, биз кайда бармак элек? Сунушталган өкмөттү колдоп беребиз да.

-- Колдоп бергенден кийин алардын алгылыктуу иштеп кетишине кепилдик барбы?

-- “Иштейбиз деп келип аткандан кийин иштешет деген үмүттөбүз.

-- Боло турган премьер-министрдин үй-бүлөсүнө чейин иликтеп, алар тууралуу терс пикирлер айтылууда...

-- Сын-пикир баардык жерде айтылат. Анын үй-бүлөсүнө мен кызыгып көргөн жокмун. Мен үчүн ал өтө деле маанилүү эмес. 

-- “Депутаттардын өздөрү мыйзамсыз отуруп алып, кайсы бир чечимдерди кабыл алуусу туура эмес дегендерге кандай жооп бересиз?

-- Ооба, ошондой сөздөр айтылып атат. Бирок, биз өлкөдөгү абалдан улам мөөнөтүнөн узак иштеп калдык да. Анүстүнө бул тууралуу мыйзамдарда так көрсөтүлбөптүр. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер