Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Министр Улан Ниязбеков эл менен милицияны жакындатып, мыкты кесипкөйлүгүн көрсөтүүдө”

“Министр Улан Ниязбеков эл менен милицияны жакындатып, мыкты кесипкөйлүгүн көрсөтүүдө”

04-апрель, 23:12
1 272 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ички иштер министри кызматын кимдер гана аркалабаган? Буга чейинки мамлекет башчыларыбыздын ушул жаатта кадр тандоодо адашкан учурлары көп болгон. Эми баарын тегиз кароо мүмкүн эмес дейли. Ошентсе да учурдагы министр, генерал Улан Ниязбековдун аталган кызматка киришкенине аз убакыт болсо дагы, бу тармакта реформа, жаңылануу, заманбап иш алып баруу, милициянын элге жакын болушу, аларды камсыздоо жагы ж.б. толуп жаткан алгы иштери боюнча милициянын генералдары айтып түгөтө албай турган чактары. 

Мелис Турганбаев:

-- Улан мырзанын алгылыктуу иштерин байкап атам. “Министр болдум” деп кабинетте камалып алган жок. Элге байма-бай чыгып, буга чейинки мүчүлүштүктөрдү эске алуу менен туура багытта баратат. Өз учурунда кээ бир мен баштаган, демилге кылган идеяларды, анын ичинде патрулдук службаны кайрадан жандандырып атканы жүрөк жылытат. Азыр милициялар бурч-бурчта турбай, жеке эле жол эрежесин эмес, көчө кылмыш иштерин жеринде чечип, шаар тургундарынын коопсуздугу боюнча күрөш жүргүзүп жатканы көзгө көрүнүп калды. Социалдык пакеттер боюнча да ишти жандандырып атыптыр. Милиция кызматкерлерине салынып аткан үйлөр бар эле, белгисиз себептерден улам токтоп калган. Мына ушуну да колго алганы жүрөк жылытат. Канча жылдан бери үйсүз жүргөн милиция кызматкерлери үйлүү болуп калса жаманбы? Уюшкан кылмыштуулук боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп атканын угуп калдым. Бу жагы да жакшы көрүнүш эмеспи. Анан эң негизгиси, министр менен кайсы гана убакыт болбосун байланышып, сүйлөшө аласың, кеп-кеңеш, акыл-насаатыңды угат. Бул кесипкөйлүк мыкты сапат.

Аалыбай Кайыпов:

-- Жаңы министрдин жасап жаткан иштерине, эл үчүн кылып аткан кызматына көз салып жүрөм, көп нерселерин байкап атам. Бул жигит кээ бир популист саясатчыларга окшоп кымындай кылган ишин кыйкырып айтып чыккандардан эмес экен. Өзүнүн оор басырыктуу мүнөзү менен тоодой иш кылса да унчукпай жасап атканын оозго аларлык (!) десем жаңылбайм. Ишбилгилиги, адамгерчилиги, жалпы ички иштер министрлигинин өздүк курамына кылып аткан камкордугу, ошол жерде иштеп атышкан башкармалыктарга жеңилдик шарттарын түзүп берип атканы байкалууда. Куру кыйкырыгы жок жакшы багыттарда иштерди кылып атат. Мурдагы министрлерден эмнеси менен айырмаланууда? “Реформа, реформа!” деп ашыкча кыйкырбай, жаңыланууну унчукпай жүргүзүүдө. Маалымат каражаттарын туура колдонуп атканы бар. Кылганын пиарлабай, жума сайын пресс-конференция кыла бербей, ар нерсени өз орду менен жасап жатат. Жетекчи катары жөнөкөйлүгү, ошол эле учурда салмактуу иштерге батыл киришкени жүрөк жылытат. ИИМдин өздүк курамындагы маанай абдан жакшы, климат жагымдуу. Баары баш көтөрбөй иштеп атканын байкап атабыз. 

Бексултан Ишимов:

-- “Кадрлар баарын чечет” деген Сталиндин айткан сөзү бүгүн да абдан актуалдуу. Тилекке каршы, эгемен алгандан бери 30 жыл аралыгында бизде кадрларды тандоо боюнча көп жаңылыштыктардан улам аксап жүрөбүз. Улан Омоканович көптү билген, билимдүү, тажрыйбасы жетиштүү жигит. Ошол эле Сталиндин сөзүнүн баркын билгендиктен, министрликти туура жолго салууда. Себеби, кадимки эле катардагы милиционерлер: “Биздин министрликте кадр маселеси оң жолго коюлду. Мурункудай жердешчилик, ага-тууганга караган жок. Билимдүү, тажрыйбасы бар, иштин көзүн билгенге жакшы шарт, кызматтык карьерага өбөлгө түзүлүүдө” деп айтып атышат. Бул аябай орчундуу маселе. Экинчиден, “кылмыштуулукту жоёбуз” деп кимдер гана айткан эмес? Маркстын “акылдуу мыйзам чыгаруучу кылмышкерди кандай жазалоо үчүн эмес, ал кылмыштуулукту алдын алуучу, эскертүү мыйзамды жазыш керек” дегени бар. Ошондон улам Улан Омоканович Жогорку Кеңешке укук бузуучулардын социалдык-комплекстүү профилактикалык документ-кагаздарын даярдап жатыптыр. Муну чын-чынына келгенде жогору жактагылар бүтүрүш керек эле. Үчүнчүдөн, ИИМдин өздүк курамынын турак жайын, эмгек акысын, атайын бала бакчаларды, милициянын иштеген жерлерин, унааларын шарттап, камсыздоодо жакшы иштерди баштады жана колго алууда. Бир эле мисал, декабрь айында Кочкор жергесине бардык. Ал жерге милиция кызматкерлерине райондук бөлүм иштей турган заманбап имаратты салдырыптыр. Кызматкерлер “министр бизге абдан жакшы көңүл буруп атат” деп сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберишти. Мунун баары өзүнөн-өзү келе бербеген оокат. Улан Омокановичтин ИИМде көп жылдан бери иштеп, тажрыйбасы жеткилең, дасыккан кесипкөй, иштин көзүн билгендигинен келип чыгууда.  

Расулберди Раимбердиев:

-- Улан мырзанын кылып аткан жакшы иштерин санай берсе кагаз бети чак келбесе керек. Мен бир эле нерсесине токтолоюн. Министр болгон алгачкы күндөрдө эле Кыргызстандын түштүк жагындагы көйгөй жараткан маселелерине абдан маани берип, көңүл койгону тууралуу эки ооз сөз айтайын. Түштүктө талуу маселелер көп, анын бири Баткендеги чек ара маселеси. Ош, Жалал-Абад ж.б. чек арага чектеш жайгашкан райондордо наркобизнес маселеси катуу турат. Улуттар аралык мамиле да орчундуу орунда экенин жана диний экстремизмди да айтпасак болбойт. Мына ушундай орчундуу делген маселелерди өзү колго алды. Абдан маани берип, жериндеги кадрлар менен тыгыз иштешип атканы байкалууда. Түштүк жергесинде ИИМдин өздүк курамы менен жолугушту. “Жакында жергиликтүү кеңешке шайлоо иштери жүрөт. Милициялар аралашпагыла, кийлигишпегиле!” деп айтты. Өзүңүздөр билгендей, мурун милиция бир тараптуу аралашып алып, ал экинчи жакка жакпай, ал ортодо чыр-чатак чыгып, кызматкерлердин кадыр-баркы түшкөн учурлар көп болгон. Ушул боюнча катуу эскертти. Мындай алгылыктуу иштери көп эле болууда, муну министрдин ак дилден элге кызмат кылып атканы катары билебиз. 

Молдомуса Конгантиев:

-- Биринчиден, Улан өзүмдүн колумда өскөн кадр. Кичипейил, чарбакер, жүрөгү ачык, эч бир митаамдыгы жок жигит. Ишбилгилиги жогору. Анын ишмердүүлүгүн жатка билем дегеним. ИИМ тармагында баардык тепкичтерди басып келди. Кайсы кызматта болбосун чын дилинен иштейт. Асмандан түшө калган жок. Өзүм министр болуп турган кезде реформа кылып, эл менен милициянын ортосун жакындатып баштаган элем. Мына ушул реформаны колго алыптыр. Анын чекесин өзүм да көрүп атам. Көрмөк тургай, кези келип калганда кеп-кеңешимди айтып коюп атам. Кызматкерлерди камсыздоо жагын оң жолго салганы да оозго аларык иш. Бул жакта туруп жүрөк жылыйт. Он жылга жакын каралбай калган. Эми өздүк курамда артынан жаман сөз ээрчибей, жакшы жактарын айтып атышат. Татыктуу шакирт даярдаганыма сыймыктанам. Улан Ниязбековдун ишине ийгилик каалайм, баштаган алгы иштерин токтотпосун, элине ак кызмат кылсын, милициянын кадыр-баркын көтөрүп, элге жакын болушун каалап кетет элем.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер