Акыркы кабарлар
» Саясат » Камила Талиеванын мандатын “сүрсүтүп” жиберген жоксуңарбы?
Камила Талиеванын мандатын “сүрсүтүп” жиберген жоксуңарбы?
20-июнь, 19:42

УКМК төрагасынан алынгандан кийин Камчыбек Ташиевдин карамагындагы депутаттар, министрлер, дээрлик күч органдарындагы аткаминерлер жапырт жумуштан алынган эле. Айрымдары камалышты. Тазалануу саясаты ыкчамдыкта жүргөнү эсибизде. Мына ошолордун арасынан Камила Талиева мандатын тапшырбай, ушул убакка чейин создуктуруп, “сүрсүтүп” да жибердиби? Бир эсе аял кишиге теңелбей коюшканы таңгалдырууда. “Жоо аяган жаралуу” деген кыргыздын накыл кеби бар. Мерчеми келгенде дал ушул Камила эжеңерден көргүлүктү көрүп, “кокуйлап” калбайсыңарбы? 










