Акыркы кабарлар
» Саясат » УКМК кадрларынан Азамат Осмонов таза сакталып калдыбы?
УКМК кадрларынан Азамат Осмонов таза сакталып калдыбы?
09-июнь, 16:01

Буга чейин УКМКнын ондогон кадрлары кызматтан кетишти, камалышты, кайра үй камагына чыгышты. Айрымдары түрмөдө отурушат. Айтор, ашмалтайлары арбын экен. Мындай жагдайдан алганда, Азамат Осмонов “камырдан кыл сууругандай” таза сакталып калганбы? Анын үстүнөн эч ким арызданган жокпу? Майда сын-пикирлерди эске албаганда, жалпысынан ага карата олуттуу деле айыптар тагылган эмеспи? Болсо эмгиче оркоюп чыгат эле го... Учурда Азамат Осмонов башын өйдө көтөрүп, эл аралап басып жүрөт. Кечээ эле “Барашек” ресторанында Салмоорбек Жумабеков экөө чай ичишип, өткөн-кеткенге саресеп салышып, келечекке карай кеңешип, шашпай чер жазып алышты. 










