“Олигархтар өздөрүнө ылайыктуу мыйзамдарды кабыл алууда”
5% босого менен 1 миллион күрөө комитеттен өткөн жок. Мындан ары кандай болот?
Расул Тулеев, жарандык активист
-- Эми ал белгилүү эле болгон. Анткени, президент өзү айтпадыбы, “7% бизде тажрыйбада болгон” деп. Менимче, ошол эле 7%га түшөт. Ал эми күрөө боюнча эч ким маселени көтөргөн да жок. Ошондуктан, бул олигархтардын демилгеси, ошол олигархтар өздөрүнө ылайык мыйзамдарды гана кабыл алышат. Преференциялык тизмени дагы кабыл алышпайт. Алтынбек Сулаймановдун “Бир Бол” фракциясы жадагалса каршы добуш берет.
Алмаз Тажыбай, серепчи
-- Келерки парламентке эптеп-септеп аз пайыз гана элдин өкүлдөрү келет. Бийлик чексиз коррупцияга айланат жана башка көп терс окуялар болору белгилүү.
Акбалык Жумалиева, жарандык активист
-- Депутаттардын 5%ды жана күрөөнү бир миллонго түшүрүүнү четке какканы – кайра эле баягы эскилер, олигархтар, башкача айтканда, өздөрү эле кайра келүүнү максат кылып жатышканы. Демек, жаңы, билимдүү жаштардын келүүсүнө шанс өтө төмөн, жок десек да болот. Баарынан да Аида Касымалиевага окшогон, эл үмүт кылган жаштардын колдобогондугу өтө өкүнүчтүү.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити